Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов блогерлерди салыктан бошотуу чечими жана мунун тегерегегиндеги талкууларга байланыштуу түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, салыктан бошотуу азыркы эмес, келечектеги контент жаратуучуларды колдоо максатын көздөйт.
“Көптөр бүгүнкү күнгө чейин блогерди жөн гана телефон кармаган адам катары көрөт. Бирок бүгүнкү ийгиликтүү блогер – бул чакан медианын өзү. Ал эми эртең журналисттери, операторлору, монтажерлору, продюсерлери жана маркетологдору бар толук кандуу медиа-компанияга айланышы мүмкүн. Демек, бул – жумуш орундары, өз долбоорлору жана келечектеги салыктар дегенди билдирет. Ушундай эле көрүнүш мурда IT-компанияларга карата да болгон. Көптөр аларды олуттуу кабыл алышкан эмес. Бирок бүгүн алар бүтүндөй мамлекеттердин экономикасынын негизин түзүп жатышат”, - деди Шыкмаматов.
Ал президенттин мындай чечимин “стратегиялык” деп мүнөздөдү.
12-июнда президент Садыр Жапаров IT чөйрөсүндө иштегендерди, жасалма интеллектти, тиркемелерди иштеп чыккандарды, блогерлерди, чет өлкөлүк компаниялар үчүн аралыктан иштегендерди, стартаперлерди, кинофильмдерди, видео жана телеберүү программаларын тартуу менен алектенгендерди беш жылга салык төлөөдөн бошотуу боюнча жарлыгын чыгарган.
Ал тармактарда иштегендер үчүн киреше салыгынын жеңилдетилген ставкасы 5%, ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү 12% деп белгиленген.
Бул чечим коомчулукта нааразылык жаратып, социалдык медиада муну адилетсиздик катары сыпаттап жатышат.
Мамлекеттик салык кызматы бул Кыргызстандын IT, жасалма интеллект жана креативдүү индустрияларды өнүктүрүп, дүйнөнүн ар тарабынан таланттуу адистерди, инновациялык компанияларды жана инвестицияларды тартууга мүмкүнчүлүк берерин кабарлаган.
Шерине