IT чөйрөсүндө иштегендер, жасалма интеллектти, тиркемелерди иштеп чыккандар, блогерлер, чет өлкөлүк компаниялар үчүн аралыктан иштегендер, стартаперлер, кинофильмдерди, видео жана телеберүү программаларын тартуу менен алектенгендер беш жылга салык төлөөдөн бошотулат.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун “Ынтымак ордо” билдирди.
Мындан тышкары, жогоруда сөз болгон тармакта иштегендер үчүн киреше салыгынын жеңилдетилген ставкасы 5%, ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү 12% деп белгиленет.
Мамлекеттик салык кызматы бул Кыргызстандын IT, жасалма интеллект жана креативдүү индустрияларды өнүктүрүп, дүйнөнүн ар тарабынан таланттуу адистерди, инновациялык компанияларды жана инвестицияларды тартууга мүмкүнчүлүк берерин кабарлады.
Мекеме жеңилдетилген салык режими ишкерлерге бизнести өнүктүрүүгө, жаңы технологияларды киргизүүгө жана ата мекендик ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жардам бере турганын кошумчалады. (BTo)
Шерине