Кыргызстанда кайрымдуулук үчүн акчаны муктаж жарандын жеке эсебине же картасына чогултууга тыюу салуу жана шылуундуктун жоопкерчилигин күчөтүү сунушталган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Документке ылайык, кайрымдуулук үчүн акча чогултууга коммерциялык банктан атайын максаттуу эсеп ачуу милдеттендирилет. Чогулган каражатты кайрымдуулуктан тышкары жеке максаттарга пайдаланууга тыюу салынат.
Мындан тышкары, мамлекеттик кайрымдуулук порталын түзүп, ал жерде акча чогулткан уюмдар жана жарандар катталып, каржылык отчетун ачык берип турууга милдеттүү болот.
Документ ошондой эле кайрымдуулук каражаттарын пайдалануу жоболорун өзгөртүүнү да карайт. Эгер акча чогултулган максатта колдонулбай - бейтап каза болсо же дарылануудан баш тартылса, калган каражатты башка кайрымдуулук максатта иштетүү сунушталат.
Кайрымдуулук фонддору үчүн административдик чыгымдарды 15% чейин көбөйтүү сунушталууда, мыйзамдын авторлору бул каражат тийиштүү адистерди тартууга жана ишти тескөөнү эл аралык тажрыйбага жакындатууга өбөлгө түзөрүн айтууда (учурда бул 2% түзөт).
Ошондой эле мыйзам долбоорунда кайрымлуулукка жамынган шылуундук үчүн кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү сунушталууда.
Мыйзам долбоорунун негиздемесинде демилге жарандарды интернеттеги кайрымдуулукка жамынган шылуундуктан коргоого, элдин кайрымдуулук уюмдарына ишеничин бекемдөөгө багытталганы айтылган.
Кыргызстанда оор илдетке кабылып, кымбат баадагы медициналык операцияга муктаж болгон жарандар коомчулукка кайрылып, жардам сураган учурлар арбын. Каалоочулар алардын же жакындарынын жеке эсептерине көңүлүнөн чыккан акча каражатын которо алышат. Ошондой эле кайрымдуулук иштерине блогерлер аралашып, ортомчулук кылып, акча чогулткан учурлар да бар. (ZKo)
Шерине