Экономика жана коммерция министрлиги адал индустриясынын талаптарын бузгандарга 15-июндан тартып айып пул салынарын эскертти. 1-июнда президент Садыр Жапаров Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу кол койгон мыйзам 15-июнда күчүнө кирет.
Ага ылайык, адал продукцияга коюлган талаптарды бузган жеке жактар 7 500 сом, юридикалык жактар 23 000 сом айыпка жыгылат. Адал продукция жана кызмат шайкештигин тастыктоо боюнча милдеттүү жол-жобону өткөрбөй туруп сертификат берген юридикалык жактарга 65 000 сом айып пул каралган.
Эми сертификат алган адал продукциялардын расмий тизмеси түзүлөт.
Соңку 15-20 жылдан бери Кыргызстандын коомчулугунда адал түшүнүгү кеңири жайылууда. Дүкөндөрдө, тамактануу жайларында “адал” деп аталган азыктарга суроо-талап көп.
Буга кошумча, “адал айыл чарба”, “адал туризм”, “адал медицина”, “адал дары”, “адал косметика”, “адал логистика” деген түшүнүктөр да пайда болгон.
2015-жылы “Кыргызстандагы адал индустрияны өнүктүрүү концепциясы” кабыл алынган. 2022-жылы дагы бир концепция жарыяланган. 2021-жылы маркалоо боюнча токтом чыккан. 2023-жылы ноябрь айында өкмөт “Адал туризмди өнүктүрүү концепциясын” кабыл алган. (BTo)
Шерине