Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 11-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун, Балыкчы ички иштер бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Чыңгыз Төкөлдөшовдун, УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиевдин жана спорт коллежинин директору Айбек Ташматовдун бөгөт чарасы каралып жатат.
Сотто жүргөн кабарчыбыздын маалыматына караганда, баары тең сотко алынып келинди.
Алар Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен шектелип кармалган жана камакка алынышкан.
Биринчи май райондук соту буга чейинки чечими менен бөгөт чарасын 15-июнга чейин узарткан.
"Эду" деген каймана аты бар Элдар Жакыпбеков 10-февралда Камчыбек Ташиев УКМК төрагалыгынан алынгандан көп өтпөй кармалган. Аны менен кошо УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, Элдар Жакыпбековдун досу делген Балыкчы милициясынын башчысы Чыңгыз Төкөлдөшев, жакын адамы деп айтылып жаткан УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков камакка алынган.
Милиция Жакыпбековдун кишилери "Пито" жана "Вазелин" аттуу каймана аты бар УКМКнын тергөөчүлөрү кармалганын кабарлаган.
УКМКнын мурдагы кызматкерлеринин мыйзамсыз жана коррупциялык иштерине байланыштуу Аскер прокуратурасы 18 кылмыш ишин козгоп, тергеп жатканын башкы прокурор Максат Асаналиев парламенттин 8-апрелдеги жыйынында жооп берип жатып билдирген.
Түрдүү кылмыштарга шектелип УКМКнын 22 мурдагы кызматкери кармалган. Алардын айрымдары тергөө абагында, кээ бирлери үй камагына алынган.
УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков 11-февралдан бери жети адам атайын кызмат системасынан кетирилгенин, андан сырткары 83 киши кызматынан бошотулуп, 13ү тартип жазасына тартылганын, алты киши атайын кызматка талапкерлердин тизмесинен чыгарылганын билдирген.(ZKo/DSh)
УКМКнын мурдагы кызматкерлеринин бөгөт чарасы каралып жатат
Дагы караңыз
Шерине