Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Эмилбек Узакбаевдин камакта жаткан кызы ачкачылык жарыялады

№21 тергөө абагындагы аялдар корпусу. Бишкек. 15-декабрь, 2025-жыл. Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт
№21 тергөө абагындагы аялдар корпусу. Бишкек. 15-декабрь, 2025-жыл. Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт

Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевдин камакта жаткан кызы Мээрим Узакбаева ачкачылык жарыяды. Бул тууралуу анын адвокаты Акынбек Ногоев билдирди.

“Эки айдан убактылуу кармоочу жайда жатат. Андан бери тергөө иштери - суракка чакыруу, күбөлөр менен беттештирүү болгон жок. Мээрим Узакбаева ачкачылык жарыялап, убактылуу кармоочу жайдын жетекчилигине арыз берди”, - деди ал.

Мээрим Узакбаевага мамлекеттик ишканалардын мыйзамсыз менчиктештирилүүсүнө байланыштуу кылмыш иши козголгону кабарланган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголуп, 20-мартта кармалып, камакка алынган.

Шектүүгө Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүндөгү 5 кабаттуу имаратты, Сыдыгалиев көчөсүндөгү “Кыргызайылкөмөк” акционердик ишканасын имараттары жана жерлери менен жалпы 9 гектар, ошондой эле Махатма Ганди көчөсүндөгү “Баят” базарын 9 гектар жери менен мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча айып тагылган.

Мээрим Узакбаева мурдагы айыл чарба министри, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевдин кызы. Эмилбек Узакбаев “75чилердин катына" байланышкан иштин алкагында 11-февралда кармалган. Ага “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылууда. (BTo/DSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG