10-июндун кечинде Бишкекте болгон катуу шамалда дарак кулап, 23 жаштагы кыздын далысы сынган. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги ырастап, жабырлануучу ооруканага жеткирилип, тиешелүү медициналык жардам алганын билдирди. Кыздын абалы жакшы экени айтылды.
Бир катар маалымат каражаттары катуу шамал учурунда Бишкектин Москва көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде бак кулаганын, андан жолдо басып бараткан кыз жабыркаганын жазышкан.
Азырынча катуу шамалдан жабыркаган башка жарандар тууралуу маалымат жок. Ошол эле учурда соцтармактарда катуу шамалдан кулаган бактар жолдорду тосуп, токтоп турган автоунааларды басып калганы тартылган сүрөттөр жарыяланды.
Ала-Тоо аянтындагы мамлекеттик желек айрылып, бирок тез арада алмаштырылган. Борбор калаанын бир бөлүгүндө электр жарыгы өчкөнү айтылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 10-июнда Бишкекте болгон катуу шамалдан жалпы 37 дарак кулаганын билдирди. Андан үч унаага зыян келтирилген.
Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, шамал көп кабаттуу турак жайдын, жер үйдүн, кампанын чатырын учурган.
"Шамалдын кесепетин жоюуга ӨКМдин ыкчам тобу, "Бишкекжашылкурулуш" ишканасынын кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тартылды. Калыбына келтирүү иштери ыкчам жүргүзүлдү", - деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 10-июндун кечиндеги шамалдын ылдамдыгы секундуна 9 метрден 24 метрге чейин жеткен. (ZKo)
Шерине