Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Франция сүрөтчү Петр Павленскийди качкын макамынан ажыратууну көздөп жатат

Петр Павленский.
Петр Павленский.

Франциянын качкындарды жана жарандыгы жок адамдарды коргоо мекемеси (OFPRA) сүрөтчү-акционист Петр Павленскийди качкын макамынан ажыратуу жараянын баштады. Сүрөтчү өзүнө тиешелүү документтин көчүрмөсүн жарыялады. Документ 2026-жылдын 26-майында түзүлгөн.

Анда 2017-жылы апрелде берилген качкын макамы Павленскийге Францияда чыгарылган эки өкүм үчүн кайтарылып алынары айтылган.

Павленскийге 21 күн ичинде кылмыш жоопкерчилигине тартылган фактылары боюнча түшүндүрмө берүү жана качкын макамын сактап калуу үчүн тийиштүү документтерди жана башка далилдерди көрсөтүү сунушталган.

Петр Павленский Орусияда өткөргөн акцияларынын аркасы менен белгилүү болгон. Эки акциясы үчүн ага кылмыш иши козголгон. 2014-жылы Петербургдагы көпүрөдө дөңгөлөк өрттөгөнү үчүн вандализмге айыпталып, кылмыш иши козголгон, 2016-жылы Москвада Коопсуздук кызматынын (ФСБ) эшигинин алдына өрт койгону үчүн бир нече ай тергөө абагында отурган. Жыйынтыгында маданий мурас объектисине зыян келтиргени үчүн айып пул салынган.

Францияда качкын макамын алгандан кийин Павленский 2019-жылы Париждеги Франция Банкынын эшигин өрттөгөнү үчүн соттолгон. Сүрөтчү өзү көркөм акция жөнүндө гана сөз болгонун билдирген. 2023-жылы октябрда Павленский Париждин мэрлигине мурдагы талапкер Бенжамен Гривонун интимдик видеосу жарыяланган иш үчүн жарым жылга шарттуу кесилген.

Шерине

XS
SM
MD
LG