АКШнын аскерлери 10-июндун кечинде Ирандын аймагына кайрадан сокку урду. Бул тууралуу Американын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) билдирди.
"АКШнын Борбордук командачылыгынын күчтөрү коргонуу максатында Ирандагы бир нече бутага башкы командачынын буйругу менен кошумча соккуларды ура баштады. Бул чабуулдар Ирандын негизсиз жана уланып жаткан агрессиясына жооп, — деп жазылган маалыматта.
Соккулар Американын президенти Дональд Трамп Тегеранды үч айдан ашкан согушту токтотууга багытталган келишимге келбесе, "катуу зыян тартарын" эскерткенден бир нече саат өткөндөн кийин болду.
Бир күн мурда АКШ Apache тик учагынын кыйрашына жооп кылып Иранга коргонуу максатында сокку урганын жарыялаган. Анын алдында президент Дональд Трамп Вашингтон тик учактын атып түшүрүлгөнүнө жооп кайтарууга аргасыз болорун билдирген.
Жергиликтүү маалымат каражаттары Ирандын бери дегенде алты районунда жардыруулар болгонун жазып чыгышты.
Axios өз булактарына шилтеме кылып, буталардын баары Ирандын түштүгүндө жайгашканын, абадан коргонуу, радар системалары, дрондорду башкаруу бөлүктөрү соккуга кабылганын жазды.
CENTCOM кийинчерээк Иранга соккулар аяктаганын жарыялады. Тегеран буга жооп кылып Американын Бахрейн жана Кувейттеги базаларына сокку урганын маалымдады.
Сөз болгон базалар бир күн мурда да бутага алынган.
Шерине