Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:38

2027-жылдан тартып башталгыч класстын окуучуларынын тамагына 40 сомдон бөлүнүп баштайт

Башталгыч класстын окуучулары түшкү тамак ичип жаткан учуру. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт. Архив.
Башталгыч класстын окуучулары түшкү тамак ичип жаткан учуру. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт. Архив.

2027-жылдын 1-январынан баштап мамлекеттик мектептердеги башталгыч класстын окуучуларынын бир күндүк тамагына бөлүнгөн каражат 40 сомго жогорулатылат. Тиешелүү чечимди президент Садыр Жапаров кабыл алганын “Ынтымак ордо” кабарлады.

Ушул тапта жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусу бюджеттен бир окуучуга күнүнө 14 сом бөлүнөт.

“Каржылоо ченемин 40 сомго чейин жогорулатуу эт жана балык тамактарын, сүт азыктарын рационго көбүрөөк кошууга, жашылча-жемиштердин ассортиментин кеңейтүүгө, тамак-аштын ар түрдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле белок, май жана углеводдор боюнча тамактануунун тең салмактуулугун жакшыртууга мүмкүндүк берет”, - деп айтылат маалыматта.

“Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептерде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө” жобо 2006-жылы кабыл алынган.

Башта мамлекеттик мектептердеги башталгыч класстын окуучуларынын тамагына бюджеттен күнүнө 7 сомдон, бийик тоолуу аймактардагы мектеп окуучуларына 10 сомдон бөлүнүп турган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG