Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:31

Таалайбек Ибраев энергетика министри кызматынан алынды

Таалайбек Ибраев.
Таалайбек Ибраев.

Таалайбек Ибраев энергетика министри кызматынан бошотулуп, анын ордуна Алтынбек Рысбеков министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун 10-июнда “Ынтымак ордо” билдирди.

Таалайбек Ибраев азыркы бийликтин тушунда министрлик кызматта узак убакыт иштеген чиновниктердин бири болуп калды. Ал энергетика министри болуп 2022-жылдын октябрь айында келген.

Ал эми министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Алтынбек Рысбеков 48 жашта. Ал буга чейин энергетика министринин орун басары болуп иштеп келаткан. Ага чейин “Улуттук электр тармактары” ишканасынын директору болгон. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG