Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:29

Улуттук банк шылуундардын жаңы ыкмасы тууралуу эскертти

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк жарандардын акчасын алып алдаган шылуундар жаңы ыкмага өткөнүн эскертти. Эми, мекеме билдиргендей, алар өздөрүн Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып жатышат.

Башкы банк маалымдагандай, шылуундар өздөрүн Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып, жарандарга социалдык тармактардан, мессенжерлерден билдирүү жиберишет. Жарандарды ынандыруу үчүн алар Улуттук банктын логотиби түшүрүлгөн документтерди жиберүүдө. Шылуундар жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү "Түндүк" порталындагы катталган системасы бузулганын айтып, алдашат:

"Андан ары шылуундар жарандардын бардык жеке маалыматтары үчүнчү жактардын колуна түшүп калганын жана жарандын атына насыя алынганын айтып алдашат. "Акчаны сактап калуу" жана кийинки жоготуулардын алдын алуу үчүн акча каражатын коопсуз эсепке которуу сунушталат", - деп билдирген башкы банк мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырууда.

"Мындай билдирүүлөрдү шылуундар гана жиберет", - деп жазылган маалыматта.

Улуттук банк жарандарды этият болууга, түрдүү билдирүүлөргө ишенбей, акча каражаттарын бейтааныш адамдарга жибербөөгө жана башка адамдарга банк эсептерин, реквизиттерин жана сыр сөзүн бербөөсүн өтүндү.

Мындай билдирүү келген учурда шылуун менен сүйлөшүүнү токтотуп, банкка же укук коргоо кызматкерлерине кайрылуу керектиги сунушталды.

2025-жылдын 1-ноябрынан баштап жарандар өзүнө насыя алууга “Түндүк” тиркемеси аркылуу тыюу салуусуна шарт түзүлгөн. Мыйзам элди финансылык алдамчылыктан коргоо үчүн кабыл алынган. Улуттук банктын 13-мартка карата берген маалыматында 218 миңден ашуун жаран "Түндүк" порталы аркылуу өзүнө насыя алууга тыюу салган.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, быйылкы жылдын алгачкы төрт айында уюлдук телефон, интернет алдамчылыгына байланыштуу 4391 материал катталып, 1711 кылмыш иши козголду. Анын ичинен 695 кылмыштын бети ачылып, 1116 иш тергелип жатат.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG