Ушул жылдын алгачкы төрт айында уюлдук телефон, интернет алдамчылыгына байланыштуу 4391 материал катталып, 1711 кылмыш иши козголду. Анын ичинен 695 кылмыштын бети ачылып, 1116 иш тергелип жатат.
Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин 8-июндагы жыйынында айтты.
“Кибер алдамчылык кылмыштардын эң көп тараган түрүнө айланды. Эгер мурда алдамчы көбүнчө адамды жолугуп алдаса, азыр алар башка шаарда же өлкөдө туруп эле телефон, интернет, социалдык тармактар жана банктын тиркемелери аркылуу эле кылмыш кылып жатат”, - деди ал.
Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылы интернет алдамчылыгына байланыштуу 1547 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 837 кылмыш ишинин бети ачылып соттук кароого жөнөтүлгөн. Келтирилген чыгым 826 млн 495 миӊ сом деп эсептелип, анын ичинен 73 млн 896 миӊ сом кайтарылган.
Шылуундар мындай мыйзамсыз иштерди көп учурда дропперлердин жардамы менен жасайт. Дроппер – бул сим-карта же банк эсебин башка адамдарга сатып жиберип, атайылап же билбей шылуундардын ишине көмөк көрсөткөндөр. Интернет шылуундар ал аркылуу уурдалган акчаны өзүнүн банк картасына которуп же чет жакка чыгарып кетет. (BTo)
Шерине