Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:05

Кытай Тайвандын чыгыш жээгинде атайын операциясын баштады

Кытай Жапония менен Филиппиндин деңиз чектерин делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрүнө жооп катары Тайвандын чыгыш жээгинде “атайын деңиз операциясын” баштаганын жарыялады. Бээжин муну өзүнүн аймактык суверенитетине жана деңиз укуктарына кол салуу катары баалайт. Кытай белгилүү бир акваторияга ээлик кылгысы келет жана ошол үчүн Жапония, Филиппин менен соодалашып келет.

"Синьхуа" агенттиги билдиргендей, “атайын операциянын максаты Кытайдын деңиздеги администартивдик-укуктук юрисдикциясын жүзөгө ашыруу, алыскы деңиз аймактарында анын патрулдук жана укук коргоо мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү жана негизги суулардагы кыймылды жөнгө салуу, деңиз коопсуздугун камсыз кылуу, улуттук укуктарды менен кызыкчылыктарды коргоо” болуп саналат.

Филиппиндин президенти Кенже Фердинанд Маркостун жакында Жапонияга болгон иш сапарынын жүрүшүндө Жапония менен Филиппин Тайвандын чыгышындагы өзгөчө экономикалык аймакты жана континенттик шельфти делимитациялоо процесси башталганын жарыялашкан.

Кытайдын тышкы иштер министрлиги Жапония менен Филиппинди БУУнун деңиз укуктары боюнча Конвенциясын бузду деп айыптады.

Кытайдын Тайван иштери боюнча мамлекеттик кеңеши талкууланган деңиз чек арасы аралдан кыйла алыс экенин билдирди.

Буга реакция кылган Тайвандын жээк коргоо администрациясы Кытайдын аталган аймактагы сууга ээлик кылууга укуку жок экенин айтты.

Аралдын бийлиги Кытай күчтөрүнө байкоо салуу үчүн беш кеме жана күзөт катерин жиберди. Тайван аскери Сямэн портунан чыгып, Тайвандын түштүк-батышына карай багыт алган кытай кемелерине байкоо салууда.

Тайванды өз аймагынын бир бөлүгү деп эсептеген Кытай аралга кысым көргөзүп келет жана анын башка өлкөлөр менен өз алдынча расмий байланыш түзүшүнө каршы. Тайван бийлиги Кытай сунуштаган “бир өлкө – эки система” моделине каршы болуп келет.

1950-жылдары Кытайдын коммунисттик партиясы менен күрөштө утулуп калган "Гоминдан" партиясы өлкөнүн Тайван аралына баш калкалап, аны жана анын айланасындагы бир нече аралды өзүнчө мамлекет деп жарыялаган. Алар өздөрүн 1911-жылы түзүлгөн Кытай Республикасынын мураскери катары көрүшөт.

Ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 14 гана өлкө тааныйт. Аралдын өнөктөштөрү, анын ичинде АКШ “бирдиктүү Кытай” саясатын карманарын билдиргени менен, Бээжиндин күч колдонуусуна каршы болуп келатышат.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG