Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:31

Мурдагы милиция кызматкери Абдисатар уулу абакта кыйноого кабылганын айтты

Тимур Абдисатар уулу.
Тимур Абдисатар уулу.

Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы Тимур Абдисатар уулу абакта кыйноого кабылганын билдирди.

Анын адвокатынын буга байланыштуу социалдык тармактардагы билдирүүсүнөн кийин Акыйкатчы институтунун Ош облусунудагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №25 тергөө абагында кармалып турган Тимур Абдисатар уулунан кабар алган.

Омбудсмен институтунун маалыматы боюнча, жолугушууда ал №25 мекеменин жетекчисинин орун басары ага психологиялык жана физикалык зомбулук көрсөткөнүн айтып, даттанган. Буга байланыштуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага арыз менен кайрылып, укугун жана жеке коопсуздугун коргоону камсыздап берүүнү өтүнгөн.

Анын негизинде, Акыйкатчы институту Башкы прокуратурага арызда көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча текшерүү жүргүзүүнү жана укуктук баа берүүнү өтүнүп кат жолдоду. Мындан тышкары, Стамбул протоколуна ылайык медициналык кароодон өткөрүү жана ырайымсыз мамиленин мүмкүн болгон белгилерин документтештирүү үчүн Ош шаарынын саламаттык сактоо боюнча координаторуна кайрылуу жөнөтүлдү.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул окуяга байланыштуу комментарий бере элек.

Тимур Абдисатар уулу 2024-жылдын ноябрь айында камакка алынган. Ноокат райондук соту аны Кылмыш-жаза кодексинин “Пара алуу”, “Бийликтен аша чабуу”, “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Опузалап пара алуу” беренелери менен күнөөлүү деп тапкан. Канча жыл жаза алганы белгисиз.

Тимур Абдисатар уулунун адвокаты райондук соттун өкүмүнө каршы Ош облустук сотуна кайрылып, ушул күндөрү соттук териштирүү жүрүп жатат.

2024-жылдын 20-ноябрында социалдык тармактарда Тимур Абдисатар уулунун иш бөлмөсүндө тартылган делген видео тараган. Анда жарандык кийимчен Тимур Абдисатар уулуна окшош адамга милициянын формасын кийген адамдар акча берип жатканын көрүүгө болот.

Бул тасмага байланыштуу Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн беш кызматкери (М. у Ш., Н.З., М.А., М. у Б., Х. у Т.) жана Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн нөөмөтчүсүнүн жардамчысы (М.Н) кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Тимур Абдисатар уулуна издөө жарыялап, ал кийин ИИМге өзү барган.

Сөз болуп жаткан видео Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы Тимур Абдисатар уулу жана Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн 10дон ашык кызматкери өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, райондук милициянын ошол учурдагы жетекчиси Талгат Өскөналиевге каршы даттанышкандан кийин чыккан.

Кийин Тимур Абдисатар уулу ички иштер органдарынан кызматтан бошотулуп, Талгат Өскөналиев кызматынан төмөндөтүү менен жумуштан алынган. (BTo)



Шерине

XS
SM
MD
LG