Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:45

Кызыл китепке кирген жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн тизмеси жаңыртылат

Ак илбирc. Архив.
Ак илбирc. Архив.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги
Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте Кызыл китепке кирген жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн тизмеси жаңыртыла турганын билдирди.

Анын алкагында Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары эки жылда Кыргызстандын бардык аймактарында изилдөөлөрдү жүргүзөт. Ага баш-аягы
21 миллион сомго жакын каражат кетет деп эсептелген.

Эки жылдык иштин жыйынтыгында окумуштуулар министрликке Кызыл китептин жаңы басылышына негиз болгон илимий базаны берет.

Ушул тапта Кыргызстандын Кызыл китебине жоголуп бараткан жана
жоголуу коркунучунда делген куштун 57 түрү, 23 сүт эмүүчү, балыктын 7 түрү, курт-кумурсканын 18 түрү жана өсүмдүктөрдүн, козу карындын 89 түрү кирет.

Өлкөдө Кызыл китепке кирген жаныбарларды аткандарга айып пул салынат.
Ак илбирске аңчылык кылгандар 2 миллион сом, аркар-кулжа, марал, күрөң аюу, жейренди аткандар 1 миллион 500 миң сом, кызыл карышкыр, мадыл, сүлөөсүнгө аңчылык кылгандар 50 миң сом айыпка жыгылат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG