8-июнда Бишкек–Кара-Балта автожолунда болгон жол кырсыгынан эки адам мүрт кетти. Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматында, Kia K5 автоунаасынын 24 жаштагы айдоочусу жолдун 16-чакырымында батыштан чыгышты көздөй келатып рулга ээ боло албай жолдон чыгып, бакты сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана машинедеги 21 жаштагы дагы бир жүргүнчү ошол эле жерден мүрт кеткен.
Жол кырсыгынын себебин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Социалдык тармактарда кырсыктын видеосу тарап жатат. Анда машине бир нече бөлүккө чачырап кеткенин, спидометр саатына 240 чакырым менен токтогонун көрүүгө болот.
Кыргызстанда акыркы жылдары жол кырсыктары көп катталууда. 14-майда Кашка-Суу айылы тараптан Бишкек шаарын көздөй келе жаткан Honda Torneo үлгүсүндөгү машине жол четинде турган 28 жаштагы келинди жанындагы 6, 4, 2 жаштагы балдары жана 14 жаштагы сиңдиси менен кошо сүзүп кетип, бешөө тең каза тапкан. Келиндин алты айлык боюнда болгон. Кырсыкка шектүү 22 жаштагы айдоочу камакка алынган.
30-майда Бишкек-Ош жолунун 178-чакырымында (ред: Суусамыр) түштүктөн түндүктү көздөй бараткан Honda Civic үлгүсүндөгү машиненин 30 жаштагы айдоочусу уктап кетип, каршы тилкеде келаткан Kia К7 автоунаасы менен кагышкан. Кырсыктан бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү 3, 11, 13 жаштагы балдар жана 22 жаштагы дагы бир адам каза болгон.
Расмий маалымат боюнча, 2025-жылы Кыргызстанда 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жаракат алган. Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет. (BTo)
Шерине