Бишкек-Ош автожолундагы жол кырсыгынан төрт адам мүрт кетип, дагы алты киши жаракат алды. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Расмий маалыматка ылайык, кырсык 30-майда болгон. Бишкек-Ош жолунун 178-чакырымында (ред: Суусамыр) түштүктөн түндүктү көздөй бараткан Honda Civic үлгүсүндөгү машиненин 30 жаштагы айдоочусу уктап кетип, каршы тилкеде келаткан Kia К7 автоунаанасы менен кагышкан.
Кырсыктан 3, 11, 13 жаштагы балдар жана 22 жаштагы дагы бир адам каза болгон. Каза тапкандар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экени айтылууда.
Кыргызстанда акыркы жылдары жол кырсыктары көп катталууда. 14-майда Кашка-Суу айылы тараптан Бишкек шаарын көздөй келе жаткан Honda Torneo үлгүсүндөгү машине жол четинде турган 28 жаштагы келинди жанындагы 6, 4, 2 жаштагы балдары жана 14 жаштагы сиңдиси менен кошо сүзүп кетип, бешөө тең каза тапкан. Келиндин алты айлык боюнда болгон. Кырсыкка шектүү 22 жаштагы айдоочу камакка алынган.
21-майда Mercedes-Benz Actros үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа Бишкектин Фрунзе көчөсүндө күн чыгыш тарапка бара жатып жети машинени сүзгөн.
Расмий маалымат боюнча, 2025-жылы Кыргызстанда 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жаракат алган. Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет. (BTo)
Шерине