Президенттик администрациянын мурдагы башчысы, 2009-жылы март айында табышмактуу жагдайда өлтүрүлгөн Медет Садыркуловдун өлүмүнө айыпталган Санжар Сапарбековго ырайым берилип, абактан бошотулганы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбесин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кабарлады.
Мекеменин басма сөз кызмты маалымдагандай, Санжар Сапарбеков ырайым сураганы анык. Анын өтүнүчү каралып, бирок четке кагылган. Учурда Сапарбеков абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.
Жаза аткаруу кызматы жарандарды маалымат таратууда расмий булактарга гана таянууга жана коомчулукту дүбөлөңгө салып, жалган маалымат таратуудан карманууга чакырды.
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин жакын досторунун бири деп айтылган Санжар Сапарбеков Медет Садыркуловдун өлүмүнө айыпталып, 2011-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн. Ал 2021-жылы ноябрда кармалган. Бир жылдан кийин Сапарбеков 14 жылга кесилген. Тергөөдө Садыркуловдун өлүмүнө түздөн-түз тиешеси болгону айтылган.
Ал 2024-жылы “Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча да айыпталып, кошумча 17 жылга кесилген.
Медет Садыркулов президент Курманбек Бакиевдин бийлигин бекемдөөгө салымы чоң болгон. 2009-жылдын январында кызматтан кетип, март айында табышмактуу жагдайда каза болгон. Ошол кездеги тергөөнүн версиясы боюнча, Садыркулов жана саясат таануучу Сергей Слепченко менен айдоочусу Кубат Сулайманов түшкөн “Лексус” машинасы “Ауди” унаасы менен сүзүшүп, күйүп кеткен. Бул үчүн “Аудинин” айдоочусу 12 жылга жатак абакка кесилген. 2010-жылы ал Бакиевдердин бийлиги кулагандан кийин түрмөдө өлтүрүлгөн.(ZKo)
Шерине