Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө төрт өлкө - Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия ушул эле биримдиктин толук укуктуу мүчөсү Арменияга кескин шарт коюшту. 29-майда Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн саммитте аталган төрт мамлекеттин лидерлеринин атынан кабыл алынган биргелешкен билдирүүнүн тексти орус президентинин расмий сайтына жарыяланды.
Анда төрт президент Армения же Европа биримдигине кошулуу, же Евразия экономикалык биримдигинин курамында кала берүү деген суроо коюлган жалпы улуттук референдумду "болушунча чукул арада" өткөрүшү зарыл деген позицияны "бирдей карманарын" белгилешти.
Армениянын ЕАЭБдеги мүчөлүгү токтосо кандай кесепеттер жаралышы ыктымал экени тууралуу маалымат уюмдун өкмөт аралык кеңешинин быйыл декабрда өтө турган кезектеги отурумунда берилет деген чечим чыгарышты.
Европа биримдигине мүчө болуу үчүн көрүп жаткан аракетин, тийиштүү мыйзам өлкө парламентинде кабыл алынып, кийин ага президенти кол койгонун жана Евробиримдик да армян өкмөтүнүн "европалык умтулууларын" колдоп жатканы эске алынганын жүйө катары келтиришти.
Ошондой эле беларус, казак, кыргыз жана орус президенттеринин мындай билдирүү менен чыгышында эске алынган жагдай уюмга мүчө мамлекеттердин экономикалык коопсуздугуна коркунуч жаралып жатканы, ошонун айынан залака тийишин алдын алуу зарыл экени айтылды.
Армениянын евроинтеграция аракети колдоого алынышы керектиги быйыл 5-майда Ереванда эң алгач уюштурулган Армения – Европа биримдиги саммитинде жар салынган. Бул иш-чарага Евробиримдиктин эң жогорку жетекчилиги, мүчө мамлекеттердин башчылары, жалпысынан 50 чакты өлкөнүн өкүлдөрү катышкан.
Ошентип, Орусия үстөмдүк кылган ЕАЭБдеги башка өлкөлөрдүн баары эгер армян бийлиги Европа менен жакындашуу саясатын азыркыдай нукта уланта бере турган болсо анын бул аймактык бирикмедеги мүчөлүгү токтотулушу мүмкүн деген өңүттө расмий Ереванга бир добуштан ультиматум коюшту.
Астанадагы ЕАЭБ саммитинде макулдашылган бул кадам аймактык интеграция кандай жүрүп жатканын көрсөтүүгө багытталган иш-чараны чын-чынына келгенде экономикалык жана саясий тирешке айландырды.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жолугушууга өзү барган жок, ордуна вице-премьер-министр Мгер Григорян баштаган төмөнүрөөк деңгээлдеги делегацияны жөнөттү. Астанадагы дипломаттардын көбү муну саясий бойкот катары баалап жатышат, Пашинян өзү катышпаган себеби 7-июнда Арменияда өтө турган парламенттик шайлоо алдындагы ички саясий милдеттенмелерине байланыштуу деп түшүндүрдү.
Григорян Ереван ЕАЭБ менен конструктивдүү кызматташууну колдоо ниети бар экенин билдирди, бирок мындан аркы иштер "өз ара урматтоо, тең укуктуу өнөктөштүк" жана улуттук эгемендик принциптерине негизделиши керектигин баса белгиледи.
Орусиянын улам күчөп бараткан басымы
Ультиматум соңку бир нече аптадан бери Москва улам бир себепти айтып күчөтүп келаткан басымдын уландысы болуп калды.
Саммит алдында Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Армениянын Европа биримдигине интеграция болуу аракети анын ЕАЭБдеги мүчөлүгүнө шайкеш келбестигин эскертип, "же аны, же муну тандашы керек болгон процесс" деп атаган.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) расмий өкүлү Мария Захарова Еревандын аракети энергетика тармагындагы эки тараптуу келишимдерге, анын ичинде күйүүчү майды жеңилдетилген баада жеткирүү процессине таасир этиши мүмкүн деп эскерткен.
Мына ушундай саясий эскертүүлөр берилип, Астанада ЕАЭБ лидерлери чогулуп жаткан чакта Орусиянын айыл чарба мекемеси Россельхознадзор армян айыл чарба продукциясына жапырт тыюу салып, помидор, мөмө-жемиш жана шарап азыктарынын орус базарына кирүүсүн токтотуп койду.
Казакстандык мурдагы дипломат кызматкер Жарас Ормантай "Азаттык" радиосунун казак кызматына курган маегинде орус бийлигинин азыркы тактикасы тескери натыйжа берип калышы мүмкүн деген оюн билдирди.
"Учурда Москва Армениянын азыркы статусу сакталып турушу үчүн олуттуу саясий жана экономикалык ресурстарды жумшап жатат. Эгер бул аракеттери ишке ашпай калса Орусия муну союздаштарынын арасындагы өз позициясын начарлатуучу артка карай кадам катары кабыл алат. Бул Орусиянын ЕАЭБдеги кадыр-баркын төмөндөтөт", - деди ал.
ЕАЭБдеги тирешүү Армениянын Москвадан көп жылдан берки көз карандылыгынан акырындык менен алыстап, Еврошаркетке гана эмес, Вашингтонго карата да багыт алуусунун фонунда жүрүп жатат.
Экономикалык уюмга беш өлкө кирсе, анын ичинен Армения соңку кездери саясий багытын Европага карай буруп келет. Бирок Пашинян азырынча ЕАЭБден чыгуу ниети жок экенин белгилеген.
Ушул аптада Пашинян АКШнын президенти Дональд Трамптын колдоосуна татыды. Ал Армениядагы парламенттик шайлоонун алдында Пашиняндын жаңы мөөнөткө шайланышын ачык колдой турганын билдирди.
Truth Social социалдык тармагындагы билдирүүсүндө Трамп Пашинянды “чыныгы дос жана лидер” деп атап, ал “өлкөсүн күчтүү, бай жана абдан коопсуз кылып жатат” деп жазды.
Иштебеген биримдик
ЕАЭБдин Астанада өткөн бул жолку саммити тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккан макала-баяндарда саясий ультиматум өңүтү үстөмдүк кылганы менен лидерлер бир топ башка маселелерди да көтөрүп, жалпысынан 20 чакты пункттан турган күн тартиби боюнча иштешти. Жасалма интеллекттин бирдиктүү концепциясы, аймактык эмгек рыногу, саламаттыкты сактоо, өнөр жай тармактарына байланыштуу маселелерди талкуулашты.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев пленардык жыйында улуттук валютада жүргүзүлүүчү ички сооданын үлүшү 93 пайызга жеткенин билдирди. Бул ЕАЭБдеги үстөмдүк кылуучу экономика болгон Орусиянын доллар менен эсептешүү ыкмасынан бара-бара баш тартуу программасынын негизги элементи болуп саналат.
Казакстандык саясат таануучу, Алматыда жайгашкан "Казакстандын тобокелдиктерди баалоо тобу" аналитикалык борборунун директору Досым Сатпаев ЕАЭБдин азыркы кездеги чыныгы абалын сынга алууда. Ал бирикмени нукура соода блогу деп атоо болбой турганын, ага мүчөлүк пайда деле алып келбесин белгиледи:
"Казакстан ЕАЭБдин курамында кактуска чыгып баратып ыйлап, азап чегип, бирок баары бир чыгууну улантып жаткан кирпиге окшош. Рыногун коргоо жана санкциялык көзөмөл жүргүзүү үчүн Орусия өзүнүн аймагы аркылуу товарын алып өтүүчү башка өлкөлөргө карата улам бир чектөө киргизип, кошумча текшерүүлөрдү уюштурууда".
Жасалма интеллекттин жарышы
29-май күнү Астанада чогулган ЕАЭБ лидерлери алгач чакан курамда, андан кийин кеңири форматта жолугушту. Саммит “ЕАЭБ глобалдык санарип жарышында: жасалма интеллектке басым” деген темада өттү. Уюмду модернизациялоо, санарип технологияларын өнүктүрүү жана экономикалык кызматташтык келечеги талкууланды.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров учурда технологияларга жетүү эле эмес, аны жайылтуудагы ылдамдык, инновацияларды кеңейтүү жөндөмү жана аларды экономиканын реалдуу тармагында натыйжалуу колдонуу жаатында да катуу атаандаштык жүрүп жатканын айтты:
“Бүгүн өлкөлөрүбүздүн ортосундагы илимий кызматташтыктын мүмкүнчүлүгү толук кандуу колдонулбай келет. Мындан улам, комиссия мүчө-өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен бирге ЕАЭБди илимий-техникалык өнүктүрүү боюнча стратегиялык программаны ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушу зарыл. Кыргызстан өлкөлөр аралык илимий-техникалык кызматташтыкка жана натыйжалуу карым-катышты түзүүгө терең маани берет”.
Беларус президенти Александр Лукашенко санариптештирүү жөнүндө ооз көптүрө сөз кылып келгени менен уюмдун өлкөлөрү санарип технологияларын жалпы мейкиндикти өнүктүрүүгө эмес, өз кызыкчылыгын гана коргоого колдонуп жатышканын кеп кылды.
Саясат талдоочу Эдил Осмонбетов саммиттин башкы темасы болгон жасалма интеллектти колдонуу артыкчылыктуу багыт экенин баса белгиледи.
“Эң негизги суроо – бул жасалма интеллект. Санариптин келечеги кандай болот, кандай экосистемага өтөбүз, эмне үчүн? Бүгүнкү күнү жасалма интеллект ЕАЭБге кирген мамлекеттер үчүн аябай маанилүү. Эмне үчүн? Экосистема түзүлүп атат. Жасалма интеллект сөзсүз геоэкономикалык курал болуп калат. Ошон үчүн, менин оюмча, бул саммиттин негизги суроосу болуп турат. Биз кандай жасалма интеллектти киргизебиз, кайсы экосистемага өтөбүз? Мунун келечекке аябай көп таасири тийет”.
Саммиттин алкагында 28-май күнү V Евразиялык экономикалык форуму өттү. Форум санарип трансформация, ЕАЭБдин бирдиктүү ички рыногун өнүктүрүү, улуттук экономикаларды айкалыштыруу, технологиялар, кызматташтык өңдүү 30 сессиядан турду.
Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2014-жылы расмий түзүлгөн. Кыргызстан ага 2015-жылы кошулган. Эл аралык келишимге ылайык, уюмдун аймагында жарандар, товарлар, тейлөө кызматтары жана капитал тоскоолдуксуз жүрүшү керек. Бул келишимдеги талап болгону менен чек арадагы тоскоолдуктар, текшерүү боюнча дооматтар көп. Казакстан аркылуу жүк ташууда кыргыз ишкерлери кезек күтүүгө кабылып келет. Былтыр күзүндө ушул эле маселе Орусиянын чек арасында чыгып, тигүүчүлөрдү убайымга салды. Кремлдин миграциялык талаптары уюмга киргенине карабай бир топ кыргызстандыкка көйгөй жаратты.
Астанадагы саммитте белгилегендей, учурда бирикменин Вьетнам, Иран, Кытай жана Сербия менен соода келишими иштеп жатат. Жакын арада Бириккен Араб Эмирликтери, Монголия жана Индонезия менен эркин соода жүргүзүү келишими күчүнө киргени турат. Бул багытта Индия жана Тунис менен да сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Макаланын англис тилиндеги түп нускасы бул жерде
Шерине