АКШ президенти Дональд Трамп Армениядагы парламенттик шайлоонун алдында премьер-министр Никол Пашинянды ачык колдой турганын билдирди. Арменияда парламенттик шайлоо 7-июнда өтөт.
Truth Social социалдык тармагындагы билдирүүсүндө Трамп Пашинянды “чыныгы дос жана лидер” деп атап, ал “өлкөсүн күчтүү, бай жана абдан коопсуз кылып жатат” деп жазды.
Трамптын айтымында, Армения аркылуу өтчү транзиттик маршрут тууралуу макулдашуулар Борбор Азия өлкөлөрүнөн АКШга энергия ресурстарын жеткирүүдө америкалык энергетикалык компаниялардын ишине да жардам берет. Документке АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 26-майда Ереванга барганда кол койгон.
АКШ президенти өз билдирүүсүндө Пашиняндын жаңы мөөнөткө шайланышын ачык колдой турганын да жазды.
“Арменияны кайрадан улуу кылабыз!”, - деп билдирди Трамп.
Буга чейин Трамп Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанды апрелдеги шайлоодо ачык колдогон. Бирок Орбан ал шайлоодо утулуп калган.
Никол Пашинян Трампка “жогорку баасы жана достук сөздөрү үчүн” ыраазычылык билдирди.
Трамптын Пашинянды колдоосу Ереван менен Москванын ортосундагы мамилелер кескин курчуп турган учурга туш келди.
Май айынын башында Арменияда Европа саясий коомчулугунун саммити өткөн. Ага Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн жана башка мамлекеттердин лидерлери, анын ичинде Украинанын жетекчиси да катышкан.
Бул жыйын жана Армения жетекчилигинин Батыш менен жакындашууга багытталган бир катар билдирүүлөрү, кадамдары Москванын кескин реакциясын жаратты.
Ар кандай деңгээлдеги, анын ичинде эң жогорку кызматтагы орус аткаминерлери Пашинянды ачык жана кээде өтө катуу сынга алып, ал тандаган багыт Арменияны Украинанын жолуна алып барышы мүмкүн экенин айтып келишет.
Арменияга байланыштарды үзүү жана Евразия экономикалык биримдиги(ЕАЭБ) алкагындагы жеңилдиктерди жокко чыгаруу дагы эскертилди.
Армения бийлиги болсо өлкөнүн саясаты Орусияга каршы багытталбаганын билдирип, азырынча ЕАЭБден чыгуу планы жок экенин айтып келет.
7-июндагы шайлоодо Пашиняндын блогуна каршы бир катар оппозициялык күчтөр ат салышат.
Премьер-министрдин тарапкерлери жана көптөгөн серепчилер бул күчтөрдү кандайдыр бир деңгээлде Орусия менен байланыштуу деп эсептешет. Ошол эле учурда Москва расмий түрдө эч бир талапкерди же саясий күчтү колдой турганын билдирген эмес.
Шерине