Кыргызстанда 2025-жылы милдеттүү түрдө камсыздандырылып, түрдүү кырсыктардан жабыркаган 98 үйгө кенемте төлөнүп берилген. Анын ичинен 79 үй өрттөн жабыркаган. Ал эми автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу - ОСАГО боюнча 1250 кенемте төлөнүп берилген.
Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Бактыгул Абдыжалиев 28-майда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди. Анын сөзүнө караганда, жалпы 23 млн сом кенемте төлөнгөн.
Милдеттүү түрдө камсыздандырылган турак жайларга кенемте төлөп берүүдө тобокелчиликтин 14 түрү киргизилген. Анын 13ү табигый кырсык, бирөө техногендик (өрт кырсыгы).
Табигый кырсыктарга сел, суу ташкыны, мөндүр, шамал, жер титирөө кирет.
Депутат Алтынбек Кылычбаев жабыркаган турак жайлардын кенемтеси канча убакта төлөнүп берилерине кызыкты. Абдыжалиев эгер жабыркаган жарандын тиешелүү документтери толук болсо эки жуманын ичинде караларын айтты.
Жогорку Кеңеш 28-майда "Милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун 2-окуудан карады. Бирок толуктоолорду киргизүү зарылчылыгынан улам күн тартибинен алынды.
2026-жылга карата Мамлекеттик камсыздандыруу уюму аркылуу 356 миң турак жай камсыздандырылган. Өлкө боюнча жалпы 1 миллион 215 миң турак жай катталган.
Турак жайларды камсыздандырууну бир гана Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жүргүзөт. Бир үй үчүн жылына айыл жергесинде 600 сом, шаарда 1200 сом төгүлөт.(ZKo)
Шерине