“75чилердин каты” деп айтылган кылмыш иши боюнча айыпталгандардын бири Эмилбек Узакбаевдин адвокаты Акынбек Ногоев аларга тандалган бөгөт чарага байланыштуу “түшүнүксүз жагдай” бар экенин айтты. Бул тууралуу 28-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы отурумдун алдында журналисттерге билдирди.
Адвокаттын айтымында, айыпталуучулардын арасынан “уюштуруучулар” деп айтылган үч адам – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана экс-депутат Курманкул Зулушев эркиндикте, калган беш “көмөк көрсөткөн киши” абакта кармалууда.
“Айыпталуучулардан “уюштуруучулар” деп үч адам боштондукта жүрөт, ал эми “көмөкчү” деп кармалган беш адам азыркы күнгө чейин камакта. Биз да ошого түшүнбөй турабыз, себеби алардын бул иштеги маңызы, ролу өтө эле ылдый. Айта кетүүчү нерсе – бул жерде эч кандай кылмыш курамы жок деп жактоочулар айта алабыз, анын баарын соттук отурумда далилдеп бергенге даярбыз”, - деди Ногоев.
Адвокат анын жактоосундагы Узакбаевдин ден соолугу начар экенин, “кан айлануу системасынын ишинин бузулушу” деген оорусу бөгөт чараларынын камак менен байланышпаган түрлөрүнүн тизмесине кирерин кошумчалады.
28-майдагы отурумга келген Тургунбек уулу тагылып жаткан айыпка макул эместигин жана “75чилердин каты боюнча кабары болбогонун” билдирди. Зулушев журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, “соттун жүрүшүндө баары белгилүү болорун” айтты.
18-майда Биринчи май райондук сотунда баштапкы соттук угуу болуп, ага Камчыбек Ташиев менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков катышкан эмес. Ташиев мыйзамдуу укугунан пайдаланып баштапкы соттук угууга келбесе, Талгарбеков ден соолугуна байланыштуу катыша албай калганы айтылган.
Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов ал сот процесстерине катыша турганын, кылмыш иши менен таанышып чыкканын 21-майда билдирген.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) кылмыш ишин тергеп бүтүп, Башкы прокуратура айыптоо актысын бекиткенден кийин иш райондук сотко жөнөтүлгөн. ИИМ ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан сот отурумдары жабык өтөт.
Адвокат Акынбек Ногоевдин сөзүнө караганда, бул ишке байланыштуу Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлган. Мурдагы үч чиновник эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.
Ал эми президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча катта аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылды. Алар камакта жатат.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Фейсбуктагы баракчасына пост жазып ал 75 кишинин кайрылуусуна тиешеси жок экенин билдирген.
Президент Садыр Жапаров соңку маегинде 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан.
Ташиев күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген.
“75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган. (DSh/TAb)
Шерине