Кыргызстанда шайлоолорду иш күндөрү өткөрүү сунушталды. Депутат Дастан Жумабеков мындай сунушун 28-майда парламенттин жыйынында шайлоо тууралуу мыйзам каралып жатканда айтты.
Ал добуш берүү дем алыш күндөрү өткөнү үчүн көп жарандар шайлоого катышпай жатканын жүйө келтирди.
“Бирөө эс алат, дагы бирөө конокко барат, өзүнүн иштерин бүтүрөт. Ошондуктан шайлоону иш күнү өткөрүп көрбөйлүбү деген логикалык ой кетти. Мисалы, жума күнүнө койсок. Эл жумушка баргандай эле добуш берүүгө катышабы деген ой. Шайлоого катышуунун көрсөткүчү ошондо өсөбү дейм. Электрондук түрдө добуш берүү боюнча жакшы шарт түзүп бердик. Дүйнөдө жок шарт. Бирок анда деле 20-30% өсүп кеткен жок да”, - деди Жумабеков.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бул сунушка каршы эместигин, БШК добуш берүүнү шаршемби күнү өткөрүү боюнча Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдогонун айтты. Ал депутаттарга кайрылып, шайлоону шаршемби күнгө белгилөө боюнча мыйзам кабыл алып берүүгө чакырды.
Кыргызстанда шайлоочулардын добуш берүү активдүүлүгү төмөндөп баратканы тууралуу маселе соңку жылдары көп көтөрүлүүдө. Боршайком бул көйгөйдү чечүү үчүн аралыктан добуш берүү жана жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда пилоттук долбоор катары онлайн добуш берүүнү киргизген.
2025-жылы ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин шайлоосунда жалпы шайлоочулардын 36,9% добуш берген.
Мыйзам боюнча Кыргызстанда шайлоолор аптанын жекшемби күнү өтөт.
Шерине