Ички иштер министрлиги (ИИМ) жана Агартуу министрлиги мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жана алардын ата-энелерине “Акыркы коңгуроо” салтанатын өткөрүү күнү коопсуздук эрежелерин сактоону эскертти.
Мектептен тышкары кошумча бүтүрүү кечелерин уюштурууга, фейерверк жана кооптуу каражаттарды колдонууга, жашы жете электердин унаа башкаруусуна жол берилбейт.
Ата-энелер, мектеп жетекчилери жана бүтүрүүчүлөр мыйзам талаптарын сактоосу жана балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруусу зарыл экени эскертилди.
Талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө максатында милиция эс алуу жайларын, кафе-ресторандарды, көл жээктерин жана жол кыймылын текшерүүгө алат.
29-май күнү милиция коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн күчөтүлгөн тартипте иштейт.
Мурдараак Агартуу министрлиги мектептерде “Акыркы коңгуроо” салтанатына бүтүрүүчүлөрдөн, ата-энелерден акча чогултууга тыюу салган.
2025–2026-окуу жылында 11-классты 80 миң, 9-классты 135 миң окуучу бүтүрөт.
Мектептерде “Акыркы коңгуроо” салтанаты 29-майда өтөт.
Бишкектин айрым мектептеринде ата-энелер балдарынын коопсуздугуна жооптуу экени тууралуу тил кат жазып берүүдө. (ZKo)
Шерине