Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев чет элдик унааларды легалдаштыруу жараяны улана турганын парламенттин 28-майдагы жыйынында билдирди. Ал Ички иштер министрлиги менен сүйлөшкөнүн, жакында бул боюнча президент Садыр Жапаровдун жарлыгы жарыялана турганын маалымдады.
“Мен бир эле унааларды эмес, скутерлерди да кошуп койгула деп сурандым. Анткени скутерлер үчүн А1 айдоочулук категориясы киргени жатат. Буга чейин бир топ скутер мыйзамсыз кирип калган. Ошол себептүү аларды да камтып кеткиле деп сүйлөштүк”, - деди Маматалиев.
Анын алдында депутат Дастан Бекешев Казакстандан жана Орусиядан унаа сатып алгандар кыйынчылыкка туш болуп жатканын айтты. Депутаттын айтымында, ал унааларды казак-кыргыз чек арасынан өткөрүп берүү үчүн Казакстандын жарандары “акча кылып жатат”.
“Ал машина менен Кыргызстандын чек арасына кирет. Сен жөө өтөсүң. Он мүнөт үчүн ага 10 миң сом төлөйсүң. Бул жакта жүрөсүң, кайра чыгарда чет өлкөлүк жаранды чакырасың. Ал машинаны айдап, эки чек арадан өткөрүп берет, 10 миң сомду алып кетет”, - деди Бекешев.
Ал чет элде катталган унааларга убактылуу номур берүү жагын карап чыгууну сунуштады.
Кыргызстанга мурда Абхазиядан, Армениядан жана Орусиядан мыйзамсыз ташылып келген автоунааларды мыйзамдаштыруу боюнча 2025-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейин мүмкүнчүлүк берилген. Бул убакыт аралыгында 30 миңден ашык машине мыйзамдаштырылды. Ал эми жетишпей калгандар автоунаасын чет өлкөгө алып чыгып кетиши керек же тетик катары чачып сатса болот.
Ушул тапта чет өлкөлүк номур менен жүргөн автоунаалар кармалып, айып короого токтотулууда. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жарандарга дагы бир жолу убакыт берүү демилгесин көтөрүп чыгышкан.
Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунаа ташып келүүгө тыюу салынган. Бирок соңку жылдары Армения, Абхазия, Грузия өлкөлөрүнөн оң рулдуу машинелер киргизилип кеткен.
Шерине