Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Трамп Ирандын уранды Кытайга же Орусияга берүү демилгесине каршы экенин айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдө өкмөттүн жыйынында.
АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдө өкмөттүн жыйынында.

АКШ президенти Дональд Трамп 27-майда Ак үйдө чакан жыйын өткөрүп жатып Вашингтон мурдагыдай эле Ирандын тынчтык сүйлөшүүлөрдөгү позициясына "канааттанбасын", бирок тынчтык келишими баары бир жетишилерине ишенерин билдирди. Ал макулдашууга жетишүү мүмкүн болбосо АКШ аскердик аракеттерин жандантышы ыктымалдыгын кайрадан ишара кылды.

Трамп Иран бийлиги "келишим" түзүүнү каалайт, муну өлкөдө толук өчүрүлгөндөн үч айдан кийин интернет кайра иштей баштаганы көрсөтүп турат деп эсептейт. АКШ президенти Ирандын экономикасы алсырап жатканын жана тынчтык сүйлөшүүлөрү Тегеранга зарыл экенин белгиледи.

"Келишимдин" ыктымал параметрлери жөнүндө айтып жатып Трамп Ормуз кысыгы эч кандай чектөөсүз ачылууга тийиштигин белгиледи. Ошондой эле ага Ирандын байытылган уранын Орусияга же Кытайга өткөрүп берүү идеясы жакпай турганын билдирди.

Ирандын мамлекеттик телеканалдары шаршембиде тараптардын кыйыр сүйлөшүүлөрүндө негизинен бир ай ичинде Ормуз кысыгын ачууну, АКШ ага жооп кылып Ирандын деңиздеги бөгөтүн алып, Жакынкы Чыгыштагы аскерлерин азайтарын макулдашканын маалымдашты. Ак үй бул маалыматтарды чындыкка дал келбейт деп сыпаттады.

Өткөн дем алыштарда тынчтык келишими тууралуу сүйлөшүүлөрдө олуттуу жылыш болгону кабарланган.


Шерине

XS
SM
MD
LG