Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:44

Келдибеков президенттик шайлоого катышпай турганын билдирди

Акматбек Келдибеков жана Садыр Жапаров. (Сүрөт Келдибековдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды).
Акматбек Келдибеков жана Садыр Жапаров. (Сүрөт Келдибековдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды).

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков 2027-жылдын башында өтүүчү президенттик шайлоого катышпай турганын жарыялады. Ал 26-майда Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырган постуна президент Садыр Жапаров менен чогуу түшкөн сүрөтүн тиркеди.

Келдибеков 2020-жылдан бери жеке ишкерлик менен алектенип жүргөнүн, анткени, убагында "саясий айдыңда чогуу жүргөн достору бийликке келгенин" жазды.

Акыркы күндөрү өзүн президенттик шайлоого катышат деген маалыматтар тарап жатканын айтып, аны каралоо катары баалаган:

"Менин президенттикке коюу ниетим жок. Анткени, биз бүгүн дос катары бийлик эмес, сый талаша турган курактабыз. Ошондуктан Садыр Жапаровдун колдоо жана жакын санаалаштарымды колдоого чакыруу менин милдетим. Мен үчүн элибиздин биримдиги, журтубуздун бүтүндүгү баарынан кымбат", - деп жазды Келдибеков.

Буга чейин соцтармактарда айрым саясий күчтөр Акматбек Келдибековду шайлоого аттандырышы мүмкүн деген билдирүүлөр жазылып жаткан.

Акматбек Келдибеков президент Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен чогуу 2010-жылы Жогорку Кеңешке "Ата Журт" партиясынан ат салышкан.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев кызматтан кулатылган соң, бийликти алгач Убактылуу өкмөт алып, кийин Роза Отунбаева президент болуп турган маалда өткөн шайлоодо "Ата Журт" эң көп добуш менен парламентке келген. Башкаруучу коалиция түзүлүп, Акматбек Келдибеков төрагалыкка шайланган.

Келдибеков Аскар Акаевдин тушунда Социалдык фондду жетектеп турган. 2005-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Курманбек Бакиев бийликте турган кезде - 2008-жылдан 2010-жылдын 7-апрелине чейин Салык кызматынын төрагасы болгон.

Акматбек Келдибеков 2009-жылдан тартып Кыргызстандын Оор атлетика федерациясын 15 жылдай башкарды. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG