Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:39

АКШнын чабуулу, Хаменеинин кайрылуусу. Тынчтык келишими качан түзүлөт?

Тегерандагы көчөлөрдүн биринде Ирандын азыркы жогорку лидери аятолла Можтаба Хаменеинин сүрөтү түшүрүлгөн баннердин жанында турган ирандыктар. 7-май, 2026-жыл.
Тегерандагы көчөлөрдүн биринде Ирандын азыркы жогорку лидери аятолла Можтаба Хаменеинин сүрөтү түшүрүлгөн баннердин жанында турган ирандыктар. 7-май, 2026-жыл.

Америкалык аскерлер 25-майдын кечинде Ормуз кысыгынын түштүк тарабына жана Ирандын башка аймактарына сокку урду. Ирандын жогорку руханий лидери Можтаба Хаменеи Курман Айтка байланыштуу кайрылуусунда Америка менен Израилге каршы чакырыктарды жасады.

АКШ армиясынын соккусу

АКШ армиясынын маалыматына караганда, мина орнотууга аракет кылган катерлер жана ракета учуруучу жайлар бутага алынган.

Кошмо Штаттардын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) бул соккулар “коргоонуу максатында” урулганын билдирди.

“АКШнын Борбордук командачылыгы жарашуу жараяны уланып жаткан шартта сабырдуулукту сактоо менен бирге өз күчтөрүн коргоону улантууда”, — деди CENTCOMдун өкүлү, деңиз күчтөрүнүн капитаны Тим Хокинс.

АКШнын Иранга соңку соккусу, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:44 0:00

Соккулар негизинен Ормуз кысыгына жакын аймактарга багытталгандай.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги АКШны акыркы 48 саат ичинде ок атышууну токтотуу келишимин “одоно бузду” деп айыптады.

Министрлик Хормозган провинциясындагы “агрессивдүү аракеттерди” атады, бирок Ирандын түштүгүндөгү америкалык соккулар тууралуу түз айткан жок.

Ошондой эле мекеме ок атышууну токтотуу режими жарыялангандан берки “мыйзамсыз аракеттерди”, анын ичинде “ирандык соода кемелерине каршы деңиз каракчылыгын” атай кетти.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын аракеттерин “катуу айыптап”, Вашингтонду “кара ниеттүүлүккө” күнөөлөдү. Ошондой эле Америка өз аракеттеринин “бардык кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартарын” билдирди.

Соккулардан кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Индиядагы сапары маалында журналисттерге сүйлөп жатып, Вашингтондун позициясын коргоду.

“Кысык ачык болушу керек. Ал кандай болгон күндө да ачык болот. Ал жакта болуп жаткан нерселер мыйзамсыз, бул мыйзамга каршы, дүйнө үчүн туруктуу эмес. Бул кабыл алынгыс. Мен дүйнөдө буга каршы болбогон бир да өлкөнү билбейм. Орусия дагы транзиттик төлөм системасын колдобойт. Кытай дагы мындай системаны колдобойт", - деди Рубио.

Аскердик аракеттер Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы тирешүүнү токтотууга багытталган дипломатиялык байланыштар уланып жаткан маалда болду.

Ормуз кысыгын Иран бийлиги март айынын башында АКШ менен Израилдин аба чабуулдарына жооп катары жаап салган. Мындан улам дүйнөдө мунайдын баасы кескин көтөрүлүп кеткен. Анткени бул кысык аркылуу дүйнөдө ташылган мунайдын 20% өтөт.

Кийинчерээк расмий Тегеран айрым кемелерди акчага өткөрө баштаганы маалым болгон. Бул эл аралык коомчулуктун нааразылыгын жараткан. Айрым маалымат каражаттары эки тарап ортосунда тынчтык келишими жетишилген соң Ормуз кысыгы толук ачыларын жазышты. Анткен менен Ирандын кээ бир расмий өкүлдөрү бул деңиз жолун кандай пайдалынышты Тегеран гана чечерин айтышууда.

"Эгер америкалык блокада алынса, анда Ормуз кысыгы аркылуу өтүү Иран Ислам Республикасы аныктаган тартиптердин негизинде жана аскердик эмес, кастык маанайы жок каттамдар үчүн гана ишке ашат. Кысыкты кайра ачуу же мурдагы абалына кайтаруу тууралуу айрым билдирүүлөрдү көрдүм, бирок бул такыр андай эмес",-деди Иран парламентинин коопсуздук боюнча комитет башчысы Эбрахим Азизи.

Иран АКШнын дронун атып түшүргөнүн билдирди

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (IRGC) АКШнын бир дронун “атып түшүргөнүн” жана Ирандын аба мейкиндигине кирген дагы бир нече америкалык дронго “ок чыгарганын” билдирди.

26-майда жарыяланган билдирүүдө IRGC АКШнын аскердик учактары “Перс булуңундагы Ирандын аба мейкиндигине киргенден кийин” абадан коргонуу күчтөрү “MQ-9 дронун аныктап, атып түшүргөнүн” маалымдады.

Ошондой эле IRGC күчтөрү “RQ-4 дронуна жана Ирандын аба мейкиндигине кирген F-35 истребителине да ок чыгарганын” билдирди.

Билдирүүдө бул окуялар качан болгону так айтылган жок.

АКШ президенти Дональд Трамп.
АКШ президенти Дональд Трамп.

Тынчтык келишими жакын арада кабыл алынабы?

Буга чейин эки тарап тең келишим жакын арада кабыл алынышы мүмкүн экенин, айрым деталдарды тактоо зарылдыгын билдиришкен.

Трамп 25-майда Ирандын байытылган уран кору АКШга өткөрүлүп берилиши керек же “ордунан жок кылынышы” керек экенин дагы бир жолу кайталады.

Согуш 28-февралда башталган. 8-апрелде Исламабаддын ортомчулугу менен Вашингтон жана Тегеран ок атышууну убактылуу токтото турууну чечишкен.

Дүйшөмбү күнү мунайдын баасы дээрлик 7 пайызга төмөндөдү. Буга АКШ менен Иран тынчтык келишимине жакындап калды деген үмүт себеп болду.

Маалыматтарга караганда, Ирандын башкы сүйлөшүүчүсү жана тышкы иштер министри Катардын премьер-министри менен АКШ келишимди талкуулоо үчүн Дохага барышкан.

Nikkei басылмасы Жакынкы Чыгыштагы дипломатиялык булакка таянып жазгандай, АКШ менен Иран согуштук аракеттерди токтотуу боюнча келишим түзүлгөндөн кийин болжол менен 30 күндөн соң Ормуз кысыгын ачуу планын талкуулап жатышат.

Маалыматка ылайык, келишимден кийинки 30 күн ичинде Иран кысыктагы миналарды тазалоону жүргүзөт. Андан соң бардык өлкөлөрдүн кемелери ал аркылуу эркин жана коопсуз өтө алат. Ошондой эле Иран транзиттик төлөмдөрдү алууну токтотот.

Басылма апрель айынын башында жетишилген ок атышууну токтотуу келишими дагы 60 күнгө узартыларын да жазды. Ал аралыкта Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлмөкчү.

Можтаба Хаменеинин кайрылуусу

Ирандын жогорку лидери Можтаба Хаменеи 26-майда Курман Айт майрамын утурлай кайрылуу жасап, дүйнө мусулмандарын “Америкага өлүм” жана “Израилге өлүм” деген ураандарды ажылык бүткөндөн кийин да улантууга чакырды.

Ошондой эле ал маркум атасынын Израил 2040-жылга чейин жашабайт деген божомолун эске салды.

Ирандын мамлекеттик медиасы тараткан билдирүүдө Хаменеи аймактагы өлкөлөр “мындан ары америкалык аскер базалары үчүн калкан болбой турганын”, ал эми Вашингтон “аймакта аскер базаларын жайгаштыра турган коопсуз жерге ээ болбой турганын” айткан.

Кайрылууда анын атасы — 28-февралда согуш башталганда аба соккусунан каза болгон мурдагы жогорку лидери, аятолла Али Хаменеиин 2015-жылдагы билдирүүсү да эскерилген. Анда Израил 25 жылдан кийин жок болору айтылган.

Можтаба Хаменеи азыркы жаңжалды ошол божомолдун ишке ашуусу катары сүрөттөп, Израил “өзүнүн акыркы баскычына жакындап калганын” билдирген.

Билдирүүнүн соңунда ислам өлкөлөрүнүн ортосунда “достук жана кызматташтык” болушу керектиги айтылган. Бул анын атасы мурдагы кайрылууларында да колдонуп келген дипломатиялык стиль экени белгиленди.

28-февралдагы соккуда жаракат алганы айтылган Можтаба Хаменеи 8-мартта жаңы жогорку лидер деп жарыялангандан бери эл алдына чыга элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG