Америкалык аскерлер 25-майдын кечинде Ормуз кысыгынын түштүк тарабына жана Ирандын башка аймактарына сокку урду. Аба чабуулу эки тарап Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экенин билдиргенден бир нече саат өткөндөн кийин болду. Буга чейин Иран менен АКШнын өкүлдөрү тынчтык келишимине кол коюу жараяны жакындап калганын айтышкан. Ошол эле учурда Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Американын бир дронун “атып түшүргөнүн” билдирди.
Шерине