Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:43

Бишкек, Ош, Манастагы айт намаздарына 55 миңден ашуун киши катышты

Президент Садыр Жапаров Курман айт намазында. Бишкек. 27-май, 2026-жыл.
Президент Садыр Жапаров Курман айт намазында. Бишкек. 27-май, 2026-жыл.

Курман айт намазы 27-майда Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта (эски аянтта) окулду.

Айт намазына жалпы 30 миңдей адам катышты.

Айт намазы Ош жана Манас шаарларында да борбордук аянттарда окулду. Оштогу айт намазга 15 миңдей, ал эми Манастагы намазга он миңден ашуун адам катышканы кабарланды.

Бишкектеги айт намазга президент Садыр Жапаров баштаган жетекчилер да барды.

Бул күнү президент кыргызстандыктарга Курман айтка байланыштуу куттуктоо да жолдоп, ар бир үй-бүлөгө кут-береке, бейпилдик жана ынтымак-ырыс каалады.

Ички иштер министрлиги 27-майда өлкө боюнча коомдук тартипти жана коопсуздукту 12 миңден ашуун милиция кызматкери камсыз кылганын кабарлады. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG