Президент Садыр Жапаров Ош шаарынан чогулган сатуудан алынган салыктын 50%, бирдиктүү салыктын 15% калаага калтыруу боюнча пилоттук долбоорду киргизди. Бул тууралуу жарлыкка кол коюлганы 26-майда жарыяланды.
Мындай чечим салыктык кирешелерди адилет бөлүштүрүүнү камсыз кылуу жана Ош шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн кабыл алынды.
Пилоттук долбоор 1-июндан башталып, бир жылга созулат. Анын жыйынтыгы менен Министрлер кабинети долбоордун келечеги боюнча сунуш берет.
Ош шаарынын мэриясынын маалыматына караганда, шаардын 2026-жылдагы бюджети 5,2 миллиард сомду түзгөн.
Президент Садыр Жапаров былтыр Ош шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен 6,3 миллиард сом каралганын аймакка иш сапары маалында билдирген. Ал 2026-жылы да борбордон кошумча каражат карала турганын кошумчалаган.
Шерине