Түркияда тартип сакчылары шейшемби күнү өлкөдөгү негизги оппозициялык партиянын кызматтан алынган лидерин угууга чогулган адамдарды таратуу үчүн суу аткычтарды колдонушту.
Республикалык элдик партиянын (CHP) лидери Өзгүр Өзел жана партиянын негизги жетекчилиги өткөн бейшембиде соттун чечими менен кызматтан алынган. Көптөр бул чечимди саясий негиздеги кадам катары баалоодо.
Өзел шейшемби күнү Түркиянын батышындагы Измир шаарында тарапкерлерине кайрылуу жасоону пландаган. Бирок Cumhuriyet аянтына бара жаткан адамдардын жолу темир тосмолор жана атайын даярдыктагы полиция тарабынан тосулган.
Оппозициячыл Halk TV телеканалы көрсөткөн кадрларда негизинен орто жаштагы адамдардан турган топ аянтка жетүүгө аракет кылып жатканда суу аткычтарга кабылганы көрүнгөн. Жергиликтүү маалымат каражаттары полиция калемпир кошулган газды колдонгонун жазышты.
Саясий кризис өткөн аптада Анкарадагы апелляциялык сот 2023-жылдагы партиялык курултайдын жыйынтыгын жокко чыгаргандан кийин башталган. Ал курултайда 51 жаштагы Өзгүр Өзел CHP лидери болуп шайланган эле.
Соттун чечими анын ордуна бир кездеги жетекчи Кемал Кылычдароглуну кайра дайындалып, партия тарапкерлеринин нааразылыгын жаратты.
Соттун чечиминен кийин Өзгүр Өзел жана анын тарапкерлери Анкарадагы CHP партиясынын башкы кеңсесине бекинип алышкан. 24-майда полиция имаратка күч менен бастырып кирип, желим окторду жана көздөн жаш чыгарчу газ колдонгон.
Түркияда шайлоо 2028-жылы өтүшү керек. Көптөр Эрдоган мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө аракет кылышы мүмкүн деп эсептешет.
Шерине