27-28-май күндөрү республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
Тоолуу райондордо кар жаайт, тоо этектеринен кар көчкү түшүүсү күтүлөт, түнкүсүн жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
28-майда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күңдүз 26…31;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 25…27° жылуу болот.
Шерине