Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Депутат Найман суу сактагычына бир жумада эки бала чөгүп каза болгонун айтты

Кыргызстандагы суу сактагычтардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы суу сактагычтардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Ноокат районундагы Найман суу сактагычына бир жумада эки бала чөгүп каза болгонун Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүн Өмүрзаков 28-майда парламенттин отурумунда билдирди.

"Бир баланын сөөгү алигүнчө табыла элек, экинчисинин сөөгүн бүгүн таптык дейт. Жай баштала электе ким уруксат берди ал жерде сууга түшкөнгө? Эс алуучу жайларды уюштуруп иштеп атышат дейт, тор коюп балык кармап жатышат дейт. Эс алуусун уюштурган соң коопсуздугун да караш керек да", - деди депутат.

Өзгөчө кырдаалдан министрлигинин (ӨКМ) өкүлү депутатка өзүнчө жооп берерин билдирди.

Найман суу сактагычындагы кырсык боюнча депутаттын айтканын ӨКМдин басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады. Министрликтин маалыматына караганда, аталган суу сактагычка эки киши эки башка учурда чөккөн.

"Найман суу сактагычына 20-майда Т.К. аттуу эркек киши чөгүп кеткени тууралуу маалымат 112 кыска номуруна түшкөн. Суучул куткаруучулардын тынымсыз издөө аракеттеринен соң, 23-май күнү чөккөн жарандын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлгөн. Ошондой эле 27-майда 23 жаштагы Б.у.А. аттуу адам чөгүп кеткени кабарланган. Куткаруучулардын ыкчам издөө иштеринин натыйжасында жарандын сөөгү табылып, жергиликтүү милицияга өткөрүлүп берилди", - деп жазылган маалыматта.

Расмий маалыматтарга караганда, былтыр алты айда 46 киши сууга чөккөн. Алардын тогузу Ысык-Көлдө катталган. 2023-жылы Кыргызстанда 95 адам сууга агып же чөгүп каза тапкан, анын ичинен 36сы балдар. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG