Орусия Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларга талаптарын күчөткөндөн бери өлкөдөгү жеңил өнөр жай тармагы кризиске туш болуп, миңдеген жарандар жумушсуз калган. Ал тапта тигүү тармагындагы ишкерлер Европа өлкөлөрүнө экспортко чыгууга аракеттенип жатышат. Алдыңкы убактарда өндүрүлгөн кийим-кеченин биринчи этабын жиберүүнү көздөшүүдө.
Аксана өзү жетектеген тигүү цехиндеги иштин ыргагы мындан эки жыл мурункуга салыштырмалуу солгундаганын айтып жатат. Ал Орусия койгон талаптарга бардык документтерин шайкеш келтиргенине карабастан учурда өндүргөн 20 тоннага жакын жүгү аталган өлкөнүн аймагына кирбей, көзөмөл пунктунда сакталып турганын айтууда.
“Чек арадагы чектөөлөр бизге аябай тоскоолдук кылып жатат. Бул көйгөйлөрдүн айынан жумушчулардын айлык акысын кечиктирип берип жатабыз. Биз жиберген товарлардын баары жолдо турат. Буюртмачылар да бизге буюртма бербей жатышат. Биз башында эң жөнөкөй эрежелер менен иштеп келгенбиз. 2025-жылдан баштап расмий документтери менен кошо чыгарууга туура келди. Бирок бардык документтерин толуктап жиберген күндө да Орусиянын көзөмөл пункттарында бирме-бир текшерүү болуп жатат. Азыр эми кантип жөнөтүштү деле билбей калдык. Жалпысынан бизге караштуу болгон 20 тоннага жакын жүк сакталып турат. Мына, жайкы сезонго делген товарларыбыз бул жактарда жыйылып турат. Азыр биз күзгү сезонго карата кийим-кече тигип жатабыз. Бул жайды өткөрүп жиберсек анда быйылкы тигилген кийимдин баасы түшөт".
Өткөн жылдан тартып Орусия койгон талаптардан улам өлкөдөгү эң чоң тармактардын катарын толуктаган жеңил өнөр жай артка кетип, ондогон тигүү цехтери жабылган. Анда Орусияга товар саткан кыргызстандык ишкерлерге товардын кайдан чыкканын тастыктаган СТ-1 деп аталган сертификатты алуу талабы коюлган. СТ-1 – товар Орусияда же (Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөдө өндүрүлгөнүн ырастаган документ.
Буга чейин бул документсиз эле өз товарларын Орусияга сатып келгенин айткан ишкерлер Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү экенин эске алып, кошумча түйшүк катары баалашкан эле.
Мындай кырдаалда кыргыз өкмөтү орус тарап менен сүйлөшүү өткөрүп, маселе чечилип жатканын убада кылган. Бирок соңку кырдаалдын айынан миңдеген адамдар жумушсуз калып, ички базарларда соода солгундап кеткени айтылууда.
Кыргызстандын “Легпром” жеңил өнөр жай ишканалары ассоциациясынын директору Азамат Керимбек уулу ишкерлер документтерин так кылып иштөөгө мажбур экенин айтты.
“Мындайча айтканда, буга чейин Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын баары мыйзамдан тыш аракеттер менен Орусияга барып жүргөн. Мындай жол менен 25 жылдай иштедик. Эмне кылат элек, буюртма келгенде кездемени алып, тигип туруп эле салып жүргөнбүз. Азыр эми Орусияда мыйзам күчүнө кирип, баарын көзөмөл кылып жатат. Мына, биз ЕАЭБге 2015-жылы мүчө болгон болсок, андан бери 11 жыл өттү. Ошол убакыт аралыгында документ иштеринин баарын бүткөрүп алышыбыз керек эле. Бул көрүнүшкө биз да, мамлекет да даяр эмес болгон экенбиз”.
Учурда Орусиянын чек арасында Кыргызстандын бир канча жүк ташыган унаалары кармалып турат. Буга айрым жүк жиберүүчүлөр реэкспортту токтотпой, башка өлкөлөрдө өндүрүлгөн товарларды Кыргызстандын атынан өткөрүп жатканы себеп экенин ишкерлер өздөрү айтып жатышат.
Мындан сырткары, кабыл алынган мыйзамга ылайык “СПОТ” деп аталган системаны иштеп чыгышкан. Бул система 1-июндан тартып иштей баштайт. Анын кириши менен орус өкмөтү “көмүскө импортту” токтотууну, салыктан качууну азайтууну, товарлардын кайдан келип, кайда сатылганын толук көзөмөлдөөнү каалап жатат.
“Кыргыз Экспорт” борборунун директорунун орун басары Тилек Жумалиев бул көйгөйлөр алдыдагы убактарда жолго салынарын айтты. Учурда 20дан ашык жүк ташыган унаа чек арада кармалып турат.
Кыргыз бийлиги өлкөдөгү тигүү тармагындагы ишкерлерди документтерди даярдоо боюнча окуудан өткөрүп, түшүндүрүү иштери күчөтүлгөнүн кошумчалады.
“Орусия тарап “СПОТ” деген жаңы система киргизди. Бул системага ылайык, экспорттоочулар QR код аркылуу гана кире алышат. Учурда кирип жаткан товарлардын ичинде үчүнчү өлкөдөн киргени барбы же жокпу деп катуу текшерип жатышат. Ошондуктан биздин жүктөр кармалып калды. Бул маселелер боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат, буюрса чечилет. Биз тараптан эрежелерди бузган ишкерлер байкалган эмес. Азыр эми Орусия тарап ар бир унааны текшерүүдө. Азыркы учурда экономика министри баш болуп ишкерлерди окутуу жана документ иштерин жүргүзүү боюнча тренингдер өтүп жатат”.
Тигүү тармагындагы кыйынчылыктан улам ишкерлер ассоциациялар менен чогуу өндүргөн товарларды экспорттоонун жолдорун ар кайсы жактан карап жатышат.
Жеке ишкер тигүүчүлөр ассоциациясынын төрайымы Диля Дүйшөбаева Европа өлкөлөрүнө экспортко чыгууну көздөп жатышканын айтууда.
“Биз өз алдыбызча Европага барып келдик, кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясы. Өзүбүздүн товарларды Европага жиберүү үчүн план түзүп жатабыз. Ал жактагы ишкерлер менен жолуктук. Азыр эми Орусияны карап олтура бербей Батыш өлкөлөрүнө чыгууга болгон аракетибизди жумшайбыз. Орусия койгон талаптар да бир жагынан жакшы болду деп коёбуз, антпесе биз олтура бермекпиз. Тоскоолдуктардан кийин изденүү болуп, ар түрдүү жолдорун карап жатабыз”.
Жеңил өнөр жай тармагында маселе көптөн бери жаралып келет. Москва талаптарын күчөткөндөн улам жүздөгөн кыргызстандык жүк ташуучу автоунаалар казак-орус чек арасынан өтө албай калган. Кыргыз өкмөтү бул жагдай ишкерлер ЕАЭБ эрежелерин сактабагандыктан улам чыкканын билдирген.
Акыркы беш жыл ичинде Кыргызстандын жеңил өнөр жайы эң бат өнүгүп жаткан тармактардын бири катары айтылып келет. Экономика министрлиги 2024-жылдагы статистикада бул тармакта 150 миңден ашык киши эмгектенгенин айткан. Бейрасмий маалыматтарда жарым миллионго жакын экени айтылып жүрөт.
Шерине