Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Матраимовдун өкүл баласы Сайпидинов саламаттыгы начарлап, ооруканага кайрылганы кабарланды

Мунарбек Сайпидинов
Мунарбек Сайпидинов

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жакын тарапташы Мунарбек Сайпидиновдун саламаттыгы начарлап, ооруканага кайрылганы кабарланды. Маалыматты Ош шаардык клиникалык ооруканасынын дарыгери Эржан Касымжанов "Азаттыкка" ырастады.

"Буту шишип кетиптир. Ал сезгенүүдөн болуп жатат. Тийиштүү дарыларды жазып бердик. Кыйноонун белгилери жок", - деди Касымжанов.

Мурдараак Жаза аткаруу кызматынын Оштогу башкармалыгы Мунарбек Сайпидинов ооруканага пландуу медициналык кароодон өтүү үчүн жеткирилгенин билдирген.

Сайпидиновго козголгон кылмыш иштери Оштун Кара-Суу райондук сотунда каралууда.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, Мунарбек Сайпидинов, Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн жана Жер ресурстар мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу райондук филиалынын кызматкерлери 2014-жылдан бери жеке тараптар менен биргеликте мамлекетке тиешелүү жер тилкелерин жана социалдык мекемелерди мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз чыгарып, ири өлчөмдөгү зыян келтиришкени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, Мунарбек Сайпидиновго сыртынан айыбы угузулуп, камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган. Ал Орусияда кармалып, 2025-жылы 7-августта Кыргызстанга алынып келген. Ошондон бери Ош шаарындагы №5 тергөө абагында камакта жатат.

Былтыр 6-августта социалдык тармактардагы баракчасына ал видео кайрылуу жарыялап, Орусиянын Новосибирск шаарында кармалганын, мунун артында “Райымбек Матраимов турарын” айткан. Ошондой эле “Айэркен Саймаитинин жана журналист Улан Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу айрым фактыларды” билерин жарыялаган.

Райымбек Матраимов жана анын адвокаттары менен жакындары бул дооматтар боюнча үн ката элек.(NK/ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG