Онлайн шерине
Азаттык Азия (Azattyq Asia) – "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Борбор Азия боюнча орус тилдүү бөлүмү.
Кыргызстанда сот «Шумкар» оппозициялык кыймылынын материалдарын жана ага байланыштуу адамдардын ишмердүүлүгүн экстремисттик деп таануу тууралуу чечим чыгарды. Алардын арасында президент Садыр Жапаровду сындап келаткандар да бар.
Борбор Азияда президентке күйөө бала болуу чоң артыкчылык. Мындай макам саясатка таасир этүүгө, экономикада бүтүндөй тармакты көзөмөлдөөгө, ал тургай жоопкерчиликтен корголууга мүмкүнчүлүк ачат. Бирок күйөө балдардын таасири түбөлүктүү эмес.
Тажикстанда эки кишинин мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө мурда Орусияда эмгек мигранты болуп жүрүп, кийин Украинадагы согушка орус аскерлеринин катарында катышып келген адам шектелүүдө. Бул окуя согуштан кайтып келгендердин тагдыры боюнча маселеге көңүл бурдурууда.
Борбор Азия өлкөлөрү соңку кезде Ирандагы портторго карай кеткен маршруттарга кызыгып келди. Мисалы, Тегеран менен келишимдерге кол коюлган, инвестиция салуу пландалган. АКШ Иранды мындан ары да обочодо калтырууга аракеттенген, санкцияларды күчөткөн чакта ал долбоорлордун тагдыры кандай болот?
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мектептер үчүн окуу китептеринен 700дөн ашык “одоно ката” табылганын айтып, аларды кайра карап чыгууну тапшырды. Ошондой эле ал казак калемгерлери чыгармаларында “кайгы муңду” даңазалай турганын айтып, “жапа чеккен улут кейпинен арылууга” чакырды.
Борбор Азияда Кытайды Европа жана Түштүк Азия менен Орусия аркылуу өткөн жолдордон тыш байланыштырган үч каттам бир эле учурда өнүгүүдө. Алар – азыр иштеп жаткан Транскаспий эл аралык маршруту, курулуп жаткан Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу жана азырынча пландагы Трансооган темир жолу.
Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун көз жумганына он жыл болду. Өлкөнү 27 жыл башкарган Каримовдун доору эгемен Өзбекстандын түптөлүшү, ошол эле учурда авторитардык башкаруу жана саясий куугунтук менен эсте калды.
Евросоюз представил отчет о ситуации с правами человека в мире в 2025-м. Его составители считают картину в Центральной Азии «сложной», а в ряде стран — «ухудшающейся». ЕС констатирует отход от основанного на правилах миропорядка в целом и приближение к порядку, основанному на авторитарной власти.
Президент Таджикистана Эмомали Рахмон предлагает построить в Центральной Азии новый нефтеперерабатывающий завод, чтобы решить проблему нехватки топлива. Но на деле вопрос упирается не столько в недостаток мощностей для переработки. Региону необходим полноценный рынок нефтепродуктов, говорят эксперты
Бесплатный хлеб по пятницам, таксисты, не берущие плату за проезд, и безвозмездные медуслуги — такая благотворительность продавцов товаров и услуг становится в Узбекистане распространенным явлением. Что лежит в основе: религиозные убеждения, моральный долг растущего среднего класса или традиции?
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Украина оккупацияланган аймактарын жоготууга эч качан макул болбошу керек деп билдирди. Баку бул расмий турумунун Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери карманып келет. Бул маалда Борбор Азия лидерлеринин билдирүүлөрү Алиевдикинен кескин айырмаланып турат.
Европа Биримдиги "Талибандын" делегациясын кабыл алды. 2021-жылы талибдер Ооганстанда бийликке кайтып келгенде, ЕБ алар менен адам укуктары, инклюзивдүүлүк жана коопсуздук сакталган учурда гана кызматташа турганын билдирген.
Казакстан соңку жылдары Жуучу хандын тарыхына көбүрөөк кайрылып, аны мамлекеттүүлүгүнүн негизги башаты катары карай баштады.
The Insider басылмасынын иликтөөсүндө 2025-жылдын башында Орусияга оптикалык буланын эң ири импортеру Казакстанда иш алып барган бизнесмен болуп чыкканы айтылат. Маалыматка караганда, кеп согуш дрондорун чыгарган жүз миңдеген компоненттер тууралуу жүрүүдө.
Москва үстөмдүк кылган Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөрдүн төртөө Арменияга шарт коюп, же ушул бирикмени, же Европа биримдигин тандоону талап кылышты. Алар Еревандын Европа менен жакындашуусу ЕАЭБдеги башка мүчөлөрдүн "экономикалык коопсуздугуна зыян тийгизет" деген жүйөсүн келтирди.
Сириядагы өзбек тектүү жоочулар дүйнөлүк медианын назарына илинди. Май айында алардын он чактысы Идлибде нааразылык акциясын өткөргөндөн кийин кармалган. Алар мындай кадамга жердеши камакка алынгандан кийин барышкан.
Өзбекстанда Каракалпакстан окуяларына байланыштуу ошол акциялардын лидери катары кармалып, 16 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан активист Даулетмурат Тажимуратовго дагы беш жыл кошулду. Навоиде сот аны "өтө кооптуу рецидивист" деп атап, шарты катаалыраак колонияга которууну токтом кылды.
"Азаттык" радиосунда студиянын коногу бул жолу кыйын учурдагы оор кырдаалда өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын коргогон өзгөчө адам болду. Ал Украинанын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Валерий Жовтенко.
Дагы жүктөңүз