Радикалдуу куралчан топтор эмес, оппозиционерлердин, журналисттердин, укук коргоочулардын жана социалдык түйүндөрдүн катардагы колдонуучуларынын экстремисттик деп таанылышы Тажикстанда, Казакстанда, Өзбекстанда, Орусияда жана Беларуста да көйгөйгө айланууда. Мунун себеби эмнеде? «Экстремисттик уюм» деген макам эмнени билдирет, анын жарандар үчүн кесепети кандай?
Соттун уюмду экстремисттик деп жарыялашы жөн гана анын ишмердүүлүгүн чектөө эмес, андан да олуттуураак жагдай. Коркунуч аны менен кызматташкан, материалдарын жарыялаган, ачык колдогон же, мисалы, социалдык түйүндөрдө комментарий калтырган адамдар үчүн да жаралат.
Борбор Азия өлкөлөрүндө, ошондой эле Орусия менен Беларуста «экстремизм» түшүнүгү колдонулуучу жагдайлар зомбулукка байланышкан иштер менен эле чектелбейт. Бийликтин кылтагына оппозициялык саясатчылар, журналисттер, блогерлер жана укук коргоочулар да илинип калууда. Расмий органдар алардын ишмердүүлүгүн конституциялык түзүлүшкө коркунуч жаратуу, сепаратизм же бийликти басып алууга аракеттенүү менен байланыштырып келишет.
Кыргызстан: эркин медианы тыюудан тартып «Шумкар» ишине чейин
Быйыл 12-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту «Шумкар» оппозициялык кыймылынын маалыматтык материалдарын жана ага байланыштуу адамдардын ишмердүүлүгүн экстремисттик деп тааныган. Соттун чечиминде талдоочу Айдар Раев, эколог Самат Кушбек, алтын өндүрүүчү «Кумтөр» компаниясынын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк жана блогер Сыргак Кенжебаев да аталган. Чет өлкөдө жашаган бул жарандар соңку кезде президент Садыр Жапаровду сындап келишкени белгилүү.
13-октябрда Сыргак Кенжебаев кармалып, Кыргызстанга жеткирилип, тергөө абагына киргизилген. Ички иштер министрлиги ал интернетте жапырт башаламандыкка чакырык жарыялап, кийинчерээк бийликти басып алууну көздөгөн деп билдирди. Мындан тышкары, ага алдамчылык боюнча да айып тагылды.
Көпчүлүк үчүн бул коңгуроо кагылгандай белги болду. Кыргызстанда эми «экстремисттердин» катарына радикалдуу идеяларды жайылтып, курал көтөргөндөр гана эмес, бийликти ачык сындагандар да кошулуп жатат деген түшүнүк пайда болгонсуду.
2025-жылы сот Temirov Live, Kloop жана «Айт, айт десе» иликтөөчү долбоорлорунун материалдарын экстремисттик деп жарыялаган.
Вена шаарында жайгашкан Freedom for Eurasia укук коргоо уюмунун жетекчиси Лейла Сейитбек мындай чечимдердин максаты авторлорду жазалоо менен гана чектелбестен, алардын аудиториясын маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу экенин белгилейт:
«Бул Кыргызстанда ЖМКларды экстремисттик деп тааныган алгачкы окуялардын бири болду. Ошондой эле 2025-жылдын октябрындагы сот чечими менен аларга интернет аркылуу материал жарыялоого, башкаларга ал материалдарды бөлүшүүгө, алар боюнча кандайдыр бир пикирин билдирүүгө же андан ары таратууга тыюу салынды. Мындай чечимдердин максаты материалдарды даярдаган авторлорду гана жазалоо эмес, ошол эле учурда аларды өз аудиториясынан ажыратуу болуп жатат».
Материалдардын экстремисттик деп таанылышы алардын авторлоруна гана таасир этүүчү жагдай эмес. Мындай чечим жарыяланган материалдарын таратууну улантып жаткан же ишмердүүлүгүн ачык колдогон адамдар үчүн да укуктук жактан коркунуч жаратат.
Кыргызстанда "экстремисттик материалдарды тараткан" деп айыпталган Бактыбек Молдалиевдин иши сотто каралууда. Жалпыга маалымдоо каражаттары жазганына караганда, ага карата коюлган дооматка Kloop басылмасынын социалдык тармактарда бөлүшкөн материалдары негиз болгон. Молдалиев учурда камакта. Ал маалымат бөлүшпөгөнүн айтып, коюлган айыптарды четке кагууда.
Экстремизм деген эмне жана бул түшүнүк эмне үчүн талаш жаратып келет?
Эл аралык укук тажрыйбасында экстремизм тууралуу бардык мамлекеттер бирдей колдонуучу жалпы, универсалдуу аныктама жок. Ошол эле учурда ар бир өлкөнүн өз мыйзамдарында уюмдун же адамдын ишмердүүлүгүн экстремисттик деп таанууга негиз боло турган критерийлери каралган.
Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын 2003-жылкы резолюциясында экстремизм парламенттик демократиянын принциптерин ачык же кыйыр түрдө четке каккан саясий ишмердүүлүктүн бир формасы катары мүнөздөлөт. Анда мындай көрүнүштөр көбүнчө кабыл албоочулукка, ксенофобияга, антисемитизмге жана ашынган улутчулдукка негизделери белгиленген.
Бирок постсоветтик өлкөлөрдө экстремизм боюнча мыйзамдардын аныктамалары жана аларды колдонуу практикасы бири-биринен кыйла айырмаланат. Айрым учурларда мындай нормалар зомбулукка чакырыктарды же бийликти күч менен басып алууга аракеттерди гана эмес, саясий кыймылдардын ишмердүүлүгүн, интернеттеги жарыяларды жана коомдук активдүүлүктүн башка түрлөрүн да камтыйт.
Укук коргоочу Лейла Сейитбектин пикиринде, мындай практиканын кеңири жайылышына Орусиянын таасири чоң болгон. Анын айтымында, экстремизмге каршы күрөшүүнүн орусиялык модели аймактагы башка мамлекеттердин да мамилесине таасир эткен.
«Бул моделдин архитектору, албетте, Орусия. Анткени алар мыйзамдарды гана жазып койбостон, биздин аймактагы өлкөлөргө аны колдонуунун моделин, башкача айтканда практиканы да сунуштап келишет. Аны иш жүзүндө кантип колдонуу керек экенин көрсөтүшөт», - дейт укук коргоочу.
Лейла Сейитбек 2001-жылы кабыл алынган Шанхай конвенциясына да көңүл бурат. Анда терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча мамиле камтылган. Сейитбектин айтымында, кийин бул концепция Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийликтери колдонгон үлгүгө айланган.
Укук коргоочулар белгилеген негизги көйгөйдүн бири - экстремизм түшүнүгү өтө кеңири чечмеленген учурда ал зомбулукка байланышкан уюмдарга гана эмес, бийликтин саясий атаандаштарына же сынчыларына карата да колдонулуп калышы мүмкүн.
Өзбекстан: басым астындагы оппозиция
Борбор Азияда саясий атаандаштарды коомдук-саясий турмуштан сүрүп чыгаруу аракетин алгачкылардан болуп Өзбекстандын бийлиги баштаган. 1990-жылдардын башында эле «Эрк» жана «Бирлик» оппозициялык партиялары мыйзамдуу саясий процесстен четтетилген. Бул уюмдардын өздөрү экстремисттик деп жарыяланган эмес, бирок кийинки жылдары алардын лидерлери менен тарапкерлери экстремизмге жана терроризмге байланыштуу айыптардын негизинде куугунтукка кабылып келишкен.
2024-жылы Өзбекстандын Жогорку соту «Алга, Каракалпакстан» кыймылын экстремисттик уюм деп тааныган. Бул кыймылдын 2022-жылдын июль айында Нукуста болгон окуяларга тиешеси бар деп айтылган. Анда Ташкент сунуштаган конституциялык өзгөртүүлөргө каршы жапырт нааразылык акциялары кагылышууларга айланып кеткен.
Сунушталган түзөтүүлөр Каракалпакстандын кеңири автономиясын жана референдум аркылуу Өзбекстандын курамынан чыгуу укугун жоюуну караган. Нааразылык акциялары күч менен басылып, анын кесепетинен 20дан ашуун адам каза болгон.
Кийинчерээк бийлик нааразылык кыймылынын уюштуруучуларын жана катышуучуларын өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө жана аймактык бүтүндүгүнө каршы аракеттенген деп айыптаган.
«Кийинчерээк "Алга, Каракалпакстан" тобун Нукустагы окуяларга тиешеси бар деп айыпташкан. Бирок, эксперттердин пикири боюнча, менин оюмча да, алардын ал нааразылык акцияларына эч кандай тиешеси болгон эмес. Бул толугу менен өзүнөн өзү чыккан тынч митинг болчу. Ошого карабастан бийлик "Алга, Каракалпакстанды" сепаратизмди жайылтуучу жана өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө коркунуч жараткан уюм катары айыптады», - деп белгилейт Лейла Сейитбек.
Тажикстан: бүтүндөй саясий кыймылдар экстремисттик деп табылган
Тажикстанда экстремизмге каршы мыйзамдар саясий оппозицияны куугунтуктоо каражаттарынын бири катары да колдонулуп келет.
2014-жылы бийлик оппозициялык «24-топ» кыймылын экстремисттик уюм деп жарыялаган. Ал эми 2015-жылы Тажикстандын Жогорку соту Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясын террордук уюм деп таанып, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган.
Бул чечимдерден кийин аталган кыймылдар жана партия менен байланышта деп шектелген ондогон адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылып, айрымдары узак мөөнөткө эркинен ажыратылган.
Бул уюмдарга тыюу салынгандан кийин алардын өкүлдөрүнө жана тарапкерлерине кылмыш иштери козголуп, куугунтук болгон. Укук коргоочулар ошондой эле оппозиция өкүлдөрүнүн жакындарына жана бийлик тыюу салынган түзүмдөр менен байланышта деп эсептеген адамдарга да басым жасалганын айтып келишет.
«Бул оппозицияны бүтүндөй, жапырт түрдө тыюу салып койгон өтө катаал көрүнүштөрдүн бири. Алар экстремисттик жана террордук уюм деп жарыялангандан кийин бийлик куугунтукту муну менен эле чектебей, алардын туугандарын да бутага ала баштаган. Кесиптештери, ошондой эле алар менен кандайдыр бир байланышта болгон адамдардын баары кысымга кабылган», - дейт Лейла Сейитбек.
Кийинчерээк Тажикстанда тыюу салынган уюмдардын жана ресурстардын катарына көз карандысыз Pamir Daily News басылмасы менен «Жаңы Тажикстан 2» медиасы да кирген.
Мындай шартта уюмду экстремисттик же террордук деп таануунун кесепети анын түздөн-түз ишмердүүлүгү менен гана чектелбей калат. Эгер бийлик ал уюм менен байланыштын өзүн шек саноого негиз катары караса, коркунуч анын мүчөлөрүнө гана эмес, алардын кесиптештерине, жакындарына жана жеке же кесиптик байланыштагы адамдарга да жаралышы мүмкүн.
Казакстан: оппозиция менен байланыштан улам козголгон кылмыш иштери
Казакстанда тыюу салынган белгилүүрөөк оппозициялык структуралардын арасында мурдагы банкир, азыр Европада жашаган бийликтин сынчысы Мухтар Аблязов менен байланыштагы «Казакстандын демократиялык тандоосу» (ДВК) жана расмий Астана ДВКнын «трансформациясы» деп атаган «Көше партиясы» кыймылы. Астанада 2018-жылы сот ДВКны экстремисттик деп жарыялаган, ал эми «Көше партиясын» 2020-жылы.
Бул кыймылдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынгандан кийин тергөө мына ошолор менен байланышы бар деп эсептеген активисттер жана жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Күч органдары социалдык түйүндөргө жазылгандарды, интервьюларды, эл алдында айтылган сөздөрдү жана тыюу салынган уюмдар менен байланышы болушу ыктымал дегендерди көзөмөлгө ала баштаган.
Мындай жагдай журналисттер, активисттер жана катардагы интернет колдонуучулар үчүн укуктук белгисиздикти жаратат. Анткени ачык айтылган пикир же таратылган маалымат жөн гана саясий көз карашты билдирүү катары эмес, тыюу салынган түзүм менен байланыштын белгиси катары чечмелениши мүмкүн.
2024-жылы Казакстанда «Не дейді» YouTube каналынын автору, журналист Думан Мухаммедкарим жети жылга эркинен ажыратылган. Ал «экстремизмди каржылоо» жана тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу беренелери менен айыпталган. Кеп Казакстандын Демократиялык тандоосу (ДВК) кыймылы тууралуу болуп жатат.
Мухаммедкаримге каршы козголгон кылмыш ишинин негизги далилдеринин бири анын Мухтар Аблязов менен видео маеги болгон. Ал маекте журналист оппозициячыл саясатчынын эсеп реквизиттерин көрсөткөн. Аблязов ошол учурда мекендештеринен Казакстандын бийлиги Батыш өлкөлөрүнүн сотторуна берген доо арыздар боюнча өзүн коргоо үчүн жалданган адвокаттардын чыгымдарын жабууга жардам берүүнү суранган.
Мухаммедкарим коюлган айыптарды четке кагып, ДВК менен эч кандай байланышы жок экенин билдирген. Учурда ал абакта отурат. Адвокаты жана ата-энеси журналист кармалган жайдагы шарттар оор экенин айтып келишет. Алардын маалыматына караганда, укук коргоочулар саясий туткун деп эсептеген Мухаммедкарим өз жанын кыюуга да аракет кылган.
Мухаммедкарим менен бирдей айыптар коюлуп, ушундай эле мөөнөткө белгилүү ультрамарафончу Марат Жыланбаев да соттолгон. Дүйнөдөгү ири чөлдөрдөн жалгыз чуркап өткөн спортчуга да ДВК кыймылынын ишмердүүлүгүнө катышкан деген айып тагылган.
Орусия: экстремисттик деп жарыялоо жана тарапташтарды куугунтуктоо
Орусияда экстремизмге каршы мыйзамдарды саясий оппозицияга каршы колдонуунун эң белгилүү мисалдарынын бири Алексей Навальныйга байланышкан уюмдардын иши болуп саналат.
2021-жылы сот Коррупцияга каршы күрөш фондун (ФБК), Жарандардын укуктарын коргоо фондун жана Навальныйдын аймактардагы штабдарын экстремисттик уюмдар деп тааныган. Андан кийин орус бийлиги бул уюмдардын кызматкерлерин гана эмес, алардын тарапташтарын да куугунтуктоого өткөн.
Мындай чечимден соң аталган түзүмдөр менен кызматташкан, алардын материалдарын жайылткан же колдоо көрсөткөн жарандарга карата да административдик жана кылмыш иштери козголуп, айрымдары ар кандай жоопкерчиликке тартылган.
Алексей Навальный 2024-жылдын февраль айында жалпы 19 жыл деп чегерилген абак мөөнөтүн өтөп жаткан учурда түрмөдө каза болгон. Анын өлүмү эл аралык коомчулукта кеңири резонанс жаратып, саясатчынын камактагы шарттары жана өлүмүнүн жагдайлары боюнча суроолорду күчөткөн.
Орусияда экстремизмге каршы мыйзамдар саясий оппозицияга гана эмес, эркин маалымат каражаттарына жана бийликти сындагандарга карата да колдонулуп келет. Мындан тышкары бийлик «чет элдик агент» жана «жагымсыз уюм» деген макамдарды, ошондой эле интернет-ресурстарды бөгөттөө механизмдерин да пайдаланып келет.
Атап айтканда, «Свобода» радиосу ("Эркин Европа/Азаттыктын" орус кызматы) жана «Медуза» ушул механизмдердин негизинде ар кандай чектөөлөргө туш болгон. Алардын укуктук макамы экстремисттик уюмдардын макамынан айырмаланганы менен, кесепеттери окшош болушу мүмкүн. Мындай чаралар редакциялардын ишине, материалдарды жайылтууга жана алар менен кызматташууга олуттуу тоскоолдуктарды жаратат.
Беларус: жапырт куугунтукка жол ачкан экстремизм айыбы
Эксперттер бийликти сындагандарга каршы экстремизмге байланыштуу мыйзамдарды кеңири колдонуунун дагы бир мисалы катары Беларусту аташат. 2020-жылы президенттик шайлоодон жана Александр Лукашенко кайра шайланды деп жарыялангандан кийин өлкөдө жапырт нааразылык акциялары өткөн.
Ошол окуялардан кийин беларус бийлиги оппозиция өкүлдөрүн, эркин журналисттерди, укук коргоочуларды жана жарандык активисттерди куугунтуктоону күчөткөн. Чектөө киргизүүгө жана кылмыш иштерин козгоого негиз катары экстремизм боюнча айыптоолор да колдонулган.
Укук коргоо уюмдарынын маалыматына караганда, кийинчерээк беларустук бир катар оппозициялык топтор, маалымат каражаттары жана алардын материалдары экстремисттик деп табылып, аларга байланыштуу ишмердүүлүк үчүн жарандар жоопко тартылган учурлар катталган.
Беларус журналисттер ассоциациясынын (БАЖ) төрагасынын орун басары Олег Агеевдин айтымында, мындай механизмдердин таасирине зомбулук аракеттерине барбаган, бирок интернетте бийликке нааразылыгын билдирген адамдар да кабылып жатат.
«Күч түзүмдөрүнө жакпай калган ар кандай зомбулуксуз аракет экстремизм катары таанылышы мүмкүн. Бул айрым учурларда соттун чечими менен ишке ашса, Беларус сыяктуу өлкөлөрдө КГБ төрагасынын буйругу менен эле ушундай макам ыйгарылып, анын артынан автоматтык түрдө жоопкерчилик келип чыгат», - дейт Агеев.
БАЖ өкүлүнүн айтымында, 2020-жылдагы нааразылык акцияларынан кийин он миңдеген адам ар кандай куугунтукка кабылып, жүз миңдеген жаран өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Агеев бул көрүнүштү экстремизмге каршы мыйзамдарды колдонуу аркылуу калкка системалуу басым көрсөтүүнүн бир формасы деп мүнөздөйт.
2026-жылдын август айына карата Беларустагы экстремисттик түзүмдөрдүн жана уюмдардын тизмесинде 377 позиция бар болчу. Алардын 368ин Ички иштер министрлиги же Мамлекеттик коопсуздук комитети (КГБ) экстремисттик деп тааныган болсо, тогузу гана соттун чечими менен ушундай макам алган.
Олег Агеев белгилегендей, беларус тажрыйбасынын өзгөчөлүгү уюм же адам мындай тизмеге киргизилгенден кийинки кесепеттерде жатат. Анын айтымында, бул кийинчерээк аларга каршы куугунтук иштерин жүргүзүүнү жана жоопкерчиликке тартууну кыйла жеңилдетет:
«Сиз экстремист деп таанылгандан кийин дээрлик эч нерсени далилдөөнүн зарылдыгы калбайт. Адатта кылмыш ишинде же саясий негиздеги башка куугунтук учурларында айыпты далилдөө үчүн көптөгөн далилдер чогултулушу керек. Ал эми экстремизмге байланышкан иштерде мындай талаптар кыйла жеңилдеп калат. Бирөө сизди экстремисттердин тизмесине киргизип койсо эле жетиштүү болуп, жоопкерчиликке тартуу процедурасы көбүнчө формалдуу мүнөзгө өтүп калат».
Агеев мындай тажрыйба бара-бара кеңейип, чектөөлөр коомдун кыйла чоң бөлүгүнө жайылышы мүмкүн экенин эскертет.
«Мындай көрүнүшкө каршы тура алган кесиптештериме берчү кеңешим - анын жалпы өлкө деңгээлине жетип кетишине жол бербөө үчүн бардык аракетти көрүү. Анткени бир учурда артка кайтуу мүмкүн болбой калган чек келет. Ошондо каршылык көрсөтүү дээрлик мүмкүн болбой калат жана өлкөнүн ичинде эч ким үчүн натыйжалуу коргонуу механизми калбайт», - дейт Беларус журналисттер ассоциациясынын өкүлү.
Экстремизм тууралуу айыптын кесепетин жалгыз гана оппоненттер тартпайт
Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Орусия жана Беларустагы жагдайлардын тарыхы, укуктук негиздери жана колдонулган механизмдери бири-биринен айырмаланат. Бирок укук коргоочулар жалпы бир көйгөйгө көңүл бурушат: уюмдун экстремисттик деп таанылышы анын жетекчилери же мүчөлөрү үчүн гана эмес, ал уюм менен кандайдыр бир байланышта болгон же материалдарын жайылткан адамдар үчүн да коркунуч жаратышы мүмкүн.
Мындан тышкары, экстремизм түшүнүгүн кеңири чечмелөө жана тыюу салынган түзүмдөр менен байланышы бар деген негизде куугунтуктоонун өзү коркуу сезимин күчөтүп, өзүн өзү цензуралоого алып келиши ыктымал.
Эксперттердин белгилешинче, негизги маселе мамлекет терроризмге жана зордук-зомбулукка үндөгөн чыныгы коркунучтарга каршы турушу керекпи же жокпу деген суроо эмес. Мындай милдет ар бир мамлекетте бар. Негизги талаш коомдун коопсуздугун камсыздоо менен саясий оппоненттерди куугунтуктоонун ортосундагы чек кайсы жерде экенинде.
Ошондуктан айыптын аталышына гана эмес, ал кандай далилдерге негизделгенине, соттук териштирүүнүн канчалык ачык өткөнүнө жана айыпталуучунун чечимге каршы пикирин билдирип, талашууга мүмкүнчүлүгү болгон-болбогонуна да көңүл буруу маанилүү.
Экстремизм - адамдын тагдырын түп-тамырынан өзгөртө ала турган олуттуу айып. Бирок бул терминдин колдонулушу эле сөз болуп жаткан иш чындап эле коом үчүн коркунуч жаратканын дароо далилдей албайт. Негизги суроо: "Мамлекет мыйзамды зордук-зомбулукту алдын алуу үчүн колдонуп жатабы же аны бийликти сындагандардын үнүн басуу куралына айлантып жатабы?"
Макаланын авторлору Азаттык Азия, Манас Айжигитов