Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) терроризм жана диний экстремизм коркунучу, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын өлкөдөгү диний кырдаалга тийгизген ыктымал таасири тууралуу "тегерек үстөл" талкуусу өткөрүлдү.
Анда эл аралык терроризм жана диний экстремизм боюнча өлкөдөгү азыркы кырдаал талкууга алынды. Ошондой эле Сирия, Ирактан кайтып келгендерди реабилитациялоо жана адаптациялоо, аларды Кыргызстандын коомдук жашоосуна интеграциялоо механизмдери каралды.
Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, талкууда өзгөчө көңүл Жакынкы Чыгыштагы кризистин Кыргызстандагы диний жана коомдук-саясий кырдаалга тийгизген таасирине бурулду. Адистер жана эксперттер жаңы геосаясий шартта террордук уюмдардын идеологиясынын тарашы, интернет, миграция жана башка жолдор аркылуу деструктивдүү идеологиянын жайылышынын тобокелдиктери боюнча ой бөлүштү.
Аягында жыйындын катышуучулары мындай талкуулар мамлекеттик органдардын, илимий коомчулуктун жана диний ишмерлердин улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бирдиктүү ыкмаларды биргелешип, иштеп чыгышына шарт түзөрүн белгилешти.
УКМКнын 2018-жылдагы маалыматында, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. Террордук уюмдарга кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.
Расмий маалыматка ылайык, 2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстандын өкмөтү Сирия жана Ирактан 551 жаранын алып келген. Бул багыттагы “Мээрим” жана “Айкөл” деп аталган атайын миссиялар алты жолу ишке ашырылды.
28-февралда АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясы башталган. Иран ага жооп иретинде Перс булуңундагы АКШнын аскер базаларын аткылаган.(ZKo)
Шерине