Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев кармалганын айрым маалымат булактар ИИМдеги өз булактарына таянып жазып чыгышты. Алардын жазганына караганда, Тургунбаев "Кыргызнефтегаздагы" коррупция боюнча 25-мартта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына суракка чакырылып, андан соң кармалган.
Учурда ал Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайында экени кабарланды.
Тургунбаевдин жакындары же адвокаты азырынча комментарий бере элек.
Улуттук банктын төрагасы болуп 2024-жылы июнда дайындалган 44 жаштагы Мелис Тургунбаев бул кызматтан кетүү тууралуу арызын жазганы 18-мартта белгилүү болгон. Мунун себебин айткан эмес. Ага чейин жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп иштеген.
Анын Улуттук банктан кетиши “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык фактылар боюнча кылмыш иши козголгон учурга туш келгени бир нече суроолорду жараткан.
Мелис Тургунбаев кезинде аталган акционердик коомдун жетекчиси болуп иштеген жана атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакыны экени кабарланган. (КЕ)
Шерине