Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:19

Эл артисти, театр жана кино актеру Абдыкалык Акматов дүйнө салды

Абдыкалык Акматов.
Абдыкалык Акматов.

Театр жана кино актеру Абдыкалык Акматов узак оорудан кийин 71 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу 25-мартта анын жакындары кабарлашты.

Маркумга жакында эле "Кыргызстандын Эл артисти" наамы ыйгарылган.

Ардактуу наам ыйгаруу тууралуу президенттик жарлыкта актер "өлкөнүн маданиятын өнүктүрүүгө кошкон эбегейсиз салымы жана маданиятка сиңирген күжүрмөн эмгеги үчүн" сыйланары жазылган. Сыйлыкты мамлекет башчынын кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев 20-март күнү актердун үйүнө барып, колуна тапшырган.

Жарым кылымдан ашуун театр сахнасы менен экрандан түшпөй келген актер көптөн бери рак илдети менен алышып келген.

Абдыкалык Акматов 1955-жылы туулган. Ал "Кербез", "Ак илбирстин тукуму", "Акбаранын көз жашы", "Курманжан датка" жана башка ондогон тасмаларда образдарды жараткан. 2006-жылы мамлекеттик Ардак грамотасы менен сыйланган.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG