Евробиримдик орусиялык оппозиционер Алексей Навальный ууландырылган эпибатидин уусун жасоого катышкан алты орусиялык адамга санкция салды. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кеңеши билдирди.
Европанын санкциялар тизмесине "Сигнал" илимий борборунун төрт кызматкери - лаборатория башчысы Игорь Бабкин, улук илимий кызматкерлер Сергей Галан менен Ольга Юдина жана илимий кызматкер Алексей Аксенов кирди.
Евробиримдиктин маалыматында, алар эпибатидинди синтездөө боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, бул темада макалаларды жарыялашкан. Мындан кийин алардын ишмердүүлүгү уу затты химиялык курал катары иштеп чыгууга катышуу катары бааланган.
Санкцияга Орусиянын химиялык курал программасында негизги ролду ойнору айтылган Мамлекеттик органикалык химия жана технология илимий-изилдөө институтунун (ГосНИИОХТ) химик-аналитиги Ирина Деревягина да илинди.
Тизмеде Радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу боюнча аскердик академиянын илимий иштерди уюштуруу жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо бөлүмүнүн башчысы Михаил Гуцалюк бар.
Тизмеге аты-жөнү киргизилген жарандар Евробиримдиктин аймагына кире албайт жана бул аймактагы активдери бөгөттөлөт. Европалык компанияларга бул адистер менен иштешүүгө тыюу салынат.
Оппозиционер Алексей Навальный эквадорлук баканын уусунан жасалган эпибатидин менен ууландырылганы 2026-жылдын февралында белгилүү болгон.
Көп жылдар бою коррупцияга каршы күрөш жүргүзгөн оппозициялык саясатчы Навальный 2024-жылдын 16-февралында Ямал-Ненец округунун Харп кыштагындагы катуу режимдеги колонияда 19 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жатканда каза болгон.
Шерине