Орусиянын Новороссийск шаарында бензинге чектөө киргизилди. Бул тууралуу шаардын администрациясына караштуу Муниципалдык башкаруу борбору маалымдады.
"Азыркы тапта май куюучу жайларда бензин жок. Күйүүчү майга берилген атайы талондордун эсебинен гана бензин берилүүдө. Ал эми дизель шаардагы 8 май куюучу жайда бар", - деп айтылат шаар бийлигинин билдирүүсүндө.
Күйүүчү май талондорун кызматтык автоунааларга бензин куюу үчүн юридикалык жактар жана жеке ишкерлер каттата алышат.
Тартыштык болуп жатканда Орусиянын вице-премьери Александр Новак губернатор, мунай компаниялардын өкүлдөрү катышкан жыйында өлкөдөгү мунай компанияларына аймактарга кошумча күйүүчү май жеткирүүнү камсыздоону тапшырды.
Өкмөт тараткан маалыматта өзгөчө Иркутск облусу менен Забайкальедеги абалга көңүл бурулганы айтылат.
Июнь айынын этегинде Орусияда күйүүчү май сатууга чектөө киргизилбеген жалгыз аймак Чукотка болгон. Акыркы айларда өлкөдө күйүүчү май тартыштыгы күчөгөн. Буга Украинадагы согуш шартында украиналык учкучсуз аппараттардын Орусиянын мунай иштетүүчү ишканаларына урган соккулары себеп болуп жатканы белгиленүүдө.
Шерине