Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Букер сыйлыгы Playrix'тин негиздөөчүлөрүнүн бири Бухмандын атын алат

Игорь жана Дмитрий Бухмандар.
Игорь жана Дмитрий Бухмандар.

Эл аралык Букер сыйлыгы мындан кийин Бухман атындагы эл аралык Букер сыйлыгы деп өзгөртүлөт. Бул тууралуу аталган сыйлыктын сайтында жарыяланды. Жаңы аталыш сыйлыкты узак мөөнөткө каржылоого макул болгон

Игорь Бухмандын урматына, анын Bukhman Philanthropies кайрымдуулук уюму сыйлыкты узак мөөнөттүү каржылоого макул болгондон кийин коюлду.

Вологданын тургундары миллиардер Игорь Бухман жана анын иниси Дмитрий Playrix оюн гигантын негиздеген.

Дарья жана Дмитрий Бухман негиздеген Bukhman Philanthropies сыйлыкты кийинки он жылдыкта каржылоого милдеттүү. Бир эле учурда жеңүүчүнүн байге фонду 50 миңден 100 миң фунт стерлингге көтөрүлдү. Байге автор жана котормочунун ортосунда теңме-тең бөлүштүрүлөт.

Жаңы сезондун калыстар тобунун төрагасы жазуучу Кэти Китамура болот. Аны менен кошо жазуучу, котормочу жана Оксфорд университетинин профессору Патрик Макгиннесс, режиссер жана жазуучу Калеб Азума Нельсон, даниялык жазуучу Ольга Равн жана актриса Тесса Томпсон калыстык кылат.

12-13 китептин узун тизмеси 2027-жылы 16-мартта, алты чыгарманын кыска тизмеси 15-апрелде, жеңүүчүлөр майда жарыяланат.

Игорь жана Дмитрий Бухман компьютердик оюндарды 2001-жылы Вологдада жашап жүргөндө иштеп чыгышкан. Udonis маркетинг агенттигинин маалыматында, Playrix компаниясы 2022-жылы дүйнөдө мобилдик оюндардан киреше тапкан үчүнчү компания деп табылган. 2013-жылы компания штаб-квартирасын Ирландияга көчүрүп, Бухмандар Израилге репатриация болушкан.

2022-жылы Украинада согуш башталгандан кийин Playrix Орусиядагы ишмердигин токтотуп, өлкөдөн бардык кызматкерлерин чыгарып кеткен. Ошол кезде бир туугандар Forbes журналынан өздөрүн мындан ары орусиялык миллиардерлер деп атабоону суранышкан. Учурда ишкерлердин сайтында экөөнүн тең жарандыгы Израилдики экени жазылып турат.

⁠Букер сыйлыгы - Улуу Британияда же Ирландияда басылып чыккан эң мыкты көркөм чыгармага берилүүчү абройлуу ⁠адабий сыйлык. Жеңүүчүгө 50 000 евро өлчөмүндөгү сыйлык ыйгарылат жана бул дүйнө жүзү боюнча авторлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Шерине

XS
SM
MD
LG