Мындан ары Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, акимдер жергиликтүү эл менен жылына эки жолу, ар бир жылдын февраль-март жана ноябрь-декабрь айларында милдеттүү жолугушууларды өткөрөт.
Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 10-июнунда кабыл алган.
Президент 10-апрелде беш күндүк иш сапары менен Ош облусуна барып, бир катар райондордо эл менен жолугушууларды өткөргөн. Мындай жолугушууларда эл көбүн эсе мектеп, бала бакча, жол, жер талаш сыяктуу көйгөйлөрдү көтөрүштү.
Садыр Жапаров бул сапарынан кийин облустук деңгээлдеги жетекчилер 11-майдан тартып ар бир айыл өкмөттө жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөргөн. Мындай жолугушуулар социалдык тармактарда түз көрсөтүлдү. Мамлекет башчы июнь айында Нарын облусунун райондорун кыдырып эл менен жолугушту.
Садыр Жапаров 30-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, укук коргоо жана сот органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, жергиликтүү элдин маселесин жеринде чечүү тапшырмасын берген. (BTo)
Шерине