“75чилердин каты” боюнча айыпталып камакта жаткан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев 2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунан эркиндикке чыккандан кийин журналисттерге комментарий берди.
Ал өкүмгө байланыштуу мындан кийинки иш-аракети кандай болорун адвокаты менен кеңешкенден кийин кабыл аларын айтты.
“Бийликти басып алуу аракети болгон эмес. Азыр мен 66 жаштамын. Ушунча жыл мамлекетти куруп келгенбиз. Дагы эле мамлекетке кызмат кылабыз. Бийликти колдоп келгенбиз”, - деди ал.
2-июлда судья Азирет Медеров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевди Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, төрт жылдан абакка кесип, үч жылдык пробация менен эркиндикте калтырды.
Сот ушул эле берене менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевди, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду да күнөөлүү деп таап, төрт жылдан эркинен ажыратты. Аларга да үч жылдык пробация берип, сот залынан бошотту.
Судья Азирет Медеров айыпталуучуларды Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча актады.
Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов өкүмгө макул эмес экенин айтып, кийинки соттук инстанцияга арызданарын билдирди.
- 9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.
- 10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
- Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Ал коюлган айыптарды четке кагып келет.
- Садыр Жапаров соңку маегинде 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан. Мурдагы башкы чекист болсо күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген.
- “75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган. Ал да тагылган кинеге макул эмес экенин айткан. (BTo)
Шерине