2-июлга караган түнү Орусиянын армиясы Киевге ар кандай типтеги ракета жана сокку уруучу дрондор менен жапырт сокку урду. Акыркы маалыматтарга ылайык, 13 адам каза болуп, дагы 86 киши жараат алды.
Киев шаардык аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко билдиргендей, чабуулдун кесепетинен шаардын 30дан ашуун жеринде кыйроолор катталган.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы 20дан ашык турак жайга зыян келтирилип, 15 жерде куткаруу иштери жүрүп жатканын билдирди.
Дарницкий районунда беш жана тогуз кабаттуу турак үйлөр жарым-жартылай кыйрап, 16 кабаттуу үйдүн үстүңкү кабаттары жана жеке турак жайлар жабыркаган. Шевченковский районунда жети кабаттуу турак үйдүн чатыры жана мейманкананын имараты өрттөнүп, беш кабаттуу үй зыян тарткан. Голосеевский районунда 16 кабаттуу үйдүн техникалык кабатында өрт чыккан. Печерский районунда тогуз кабаттуу имарат кыйраган. Оболонский районунда кампанын аймагында өрт тутанды. Святошинский районунда эки жеке турак үй жабыркаган. Деснянский районунда тогуз кабаттуу турак үй зыян тарткан.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага "жарандык инфраструктурага каршы чабуулдарына жооп катары" сокку урулганын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, чабуул үчүн абадагы, жердеги жана деңиз базасындагы куралдар колдонулган.
"Киев жана Киев облусундагы аскердик-өнөр жай комплексинин ишканалары жана отун-энергетикалык комплекстин объектилери, Днепропетровск, Полтава, Черкассы, Чернигов жана Киев облустарындагы аскердик аэродромдордун инфраструктурасы бутага алынды", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Шерине