Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:12

Экс-депутат Кундузбек Сулайманов эркиндикке чыкты

Кундузбек Сулайманов.
Кундузбек Сулайманов.

Бишкектин Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кундузбек Сулаймановду 26-июнда эч жакка чыкпоо тил каты менен бошоткону белгилүү болду. Маалыматты “Азаттыкка” Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы ырастады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) экс-депутат кармалганын 1-апрелде кабарлаган.

Атайын кызмат Кундузбек Сулайманов кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, белгилүү бир материалдык пайда үчүн жеке компаниянын кызыкчылыктарын лобби кылуу аркылуу ага колдоо көрсөтүүнү уюштурганы аныкталганын билдирген.

Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын адистери “НарынГЭС” ААКсы жана подряддык уюмдар иштин көлөмүн негизсиз көбөйтүү аркылуу мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиргенин аныктап чыгышканы айтылган.

Ал кармалардын алдында социалдык тармактарда “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруп жатат деген адамдардын видео сүйлөшүүсү тараган. Анда Кундузбек Сулаймановдун аты аталган.

59 жаштагы Кундузбек Сулайманов Жогорку Кеңештин VII, VIII чакырылыштарынын депутаты. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын адам катары сыпатталып келет. Президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди кызматтан алгандан кийин Кундузбек Сулайманов депутаттык мандатын тапшырган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG