Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Бишкек шаардык соту Мавлян Аскарбековду камакта калтырды

Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков.

2-июлда Бишкек шаардык соту саясатчы Мавлян Аскарбековдун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу адвокатынын арызын карап, аны эки айга камакка алуу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Бишкектин Ленин райондук соту 13-июнда Мавлян Аскарбековду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алган.

Адвокаты Эрик Ирискулбековдун сөзүнө караганда, саясатчыга Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айып тагылууда. УКМК кылмыш иши боюнча маалымат бере элек.

Мавлян Аскарбеков кармалганы 12-июндун кечинде белгилүү болгон. Ошол күнү ал Фейсбуктагы баракчасына ага провокациялык мүнөздөгү маалыматтар таратылып жатканын, үйүнө УКМКнын кызматкери барганын жазган.

47 жаштагы Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү окуяларды активдүү комментарийлеген саясатчылардын бири. Ал бийликтин айрым иштерин сынга алган пикирлери менен бөлүшүп келген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG